ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА ОРДИНАТОРЛОРДУ ОКУТУУ МӨӨНӨТҮ БОЮНЧА МАСЕЛЕНИ ТАЛДООГО АЛЫП, АНЫ ЧЕЧҮҮ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

  • 14.08.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин катышуусунда медициналык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте жаш адистерди (ординаторлорду) даярдоо маселеси боюнча онлайн-кеңешме өттү, анда адистиктердин номенклатурасын кайрадан кароо маселеси көтөрүлдү.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, Өкмөт тараптан күз-кыш мезгилиндеги сасык тумоонун күчөшүнүн алдын алууга бардык чаралар кабыл алынууда, анда негизги орунда кадрларды даярдоо жана алар менен саламаттык сактоо уюмдарын, өзгөчө, аймактарды камсыздоо турат.

«Республикадагы саламаттык сактоо уюмдарын медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ординатураны бюджеттик формада аяктаган бүтүрүүчүлөрдү аймактарга өзгөчө басым жасоо менен бөлүштүрүү жүргүзүлдү. Ал эми жаш адистерди жер-жерлерге бекитүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө роль ойнойт. Өкмөттүн ишинде аймактарды кадрлар менен камсыздоо маселеси артыкчылыктуу саналат, ошондуктан бул багыттагы ишти күчтөндүрүү, жаш адистерге жетиштүү колдоо көрсөтүү зарыл. Ал эми ординаторлорду окутуу мөөнөтүн алсак, толук кандуу адистикке ээ болуу үчүн көп убакыт талап кылынган, ошондой эле бир жыл жетиштүү саналган адистиктер бар. Биз ички муктаждыктардан, жергиликтүү адистердин пикиринен жыйынтык чыгарып, талдоо жүргүзүү менен  ординаторлорду окутуу мөөнөтүн кайрадан карап чыгуубуз зарыл», — деди Аида Исмаилова.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер