VIII ЭЛ АРАЛЫК “УЛУУ ХИМИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИ” ОЛИМПИАДАСЫ

  • 17.02.2021
  • 0

Казан Улуттук изилдөө технологиялык университети (КУИТУ) кыргызстандык абитуриенттерди VIII Эл аралык “Улуу Химиянын келечеги” олимпиадасына катышууга чакырат.

Кызыккан талапкерлерге 2021-жылдын 25-февралына чейин анкета толтуруп, [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү сунушталат.

Толук маалыматты алыш үчүн университет менен түздөн-түз  [email protected] электрондук дарегине жазып, же 8 (843) 231-41-61 телефон номерине чалып байланышсаңыздар болот.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер