ВИДЕОСЫНАК: I LOVE ENGLISH BECAUSE…

  • 02.12.2019
  • 0

ВИДЕОСЫНАК: I LOVE ENGLISH BECAUSE…

«Лингва» Инновациялык Билим берүү Фонду  Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосу менен  «I Love English Because…2020» видеосынагын жарыялайт.

2014-жылдан баштап көптөгөн таланттуу улан-кыздар өздөрүнүн кызыктуу видеороликтери менен сынакка катышып келишет. Андыктан бул жылы да сиздерден өзгөчө идеяга бай эмгектериңиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!

Сынактын расмий эрежелери жана шарттары:

Сынактын катышуучулары англис тилин жакшы көрөөрүн оозеки, жазуу, же кандайдыр бир башка жолдор аркылуу видеороликти даярдайт. Ал эми видеороликтин узундугу 30 секунддан ашпашы керек. Баса, аталышы жана титр менен берилген текстин да унутпаңыз.

Сынактын мөөнөтү: 2019-жылдын 1-декабрында саат 8:00дө ачылып, 2020-жылдын 15-январында саат 18:00дө жабылат. Жарышманын жеңүүчүлөрү I Love English Day Facebook жана Instagram @ilovenglishday баракчасынан 2020-жылдын февраль айында жарыяланат.

Сынакка катышуу үчүн:

1) Өзүңүздүн Instagram баракчаңызга #ILE2020 деген хэштег менен видеоролигиңизди жүктөп,  @ilovenglishday баракчасын белгилөөңүз абзел. Ошондо I Love English сынагынын жамааты сиздин видеоролигиңизди өзүнүн баракчасына бөлүшөт.

2) Видеого кыргыз, орус же англис тилинде кыска түшүндүрмө жазуу зарыл. (Ал 100 белгиден ашпашы керек)

3) Видеоролигиңиз менен бирге аты-жөнүңүздү, колдонгон телефон номуруңузду жана электрондук дарегиңизди жибериңиз. Сиз бул маалыматты жиберүү менен, бул сынактын эреже шарттарына макул болгонуңузду тастыктайсыз.

4) Сөзсүз түрдө АКШ Элчилигинин баракчасына @usembassybishkek жана I Love English Day @ilovenglishday баракчасына жазылуу зарыл.

5) Эки досуңузду комментарийге белгилеп жана @ilovenglishday баракчасындагы сынак жөнүндө #ILE2020 деген официалдуу кулактандыруунун астына комментарий калтырыңыз. @ilovenglishday белгилеп, аны Instagram сторизге бөлүшүңүз. (I Love English Day жамааты кимдер постту бөлүшкөнүн билиш керек).

Видеороликке коюлуучу талаптар:

— Видеороликтин максималдуу узактыгы 30 секунддан ашпашы керек. Эгер белгиленген убакыттан өтүп кетсе, видеоролик кабыл алынбайт.

— Минималдуу тактыгы же дааналыгы 720 pх же андан жогору болсо болот.

— Сиз бир нече видеоролик жөнөтсөңүз болот, бирок ар бир видеоролигиңиз өзгөчөлөнүп, бири-биринен айырмаланып турушу керек. Видеороликтер 2020-жылдын 15-январында саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Видеороликтер көрсөтүлгөн убактыдан кийин жөнөтүлсө, кабыл алынбайт.

Интеллектуалдык менчик:

Сынактын катышуучулары жиберилген видеороликтерге өздөрүнүн бардык автордук укуктары бар экендигин тастыкташат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү мыйзамга ылайык зарыл болгон учурда алар бул видеороликтердин кайсы гана бөлүгүн болбосун колдонууга ээ экендигин тастыкташат.

Видеороликтерди сыноо критерийлери:

Англис тили жана массалык маалымат каражаттарынын тармактарынан түзүлгөн комиссия

Алар видеороликтерди карап чыгып, төмөнкү критерийлер боюнча баалашат:

  • Креативдүүлүк
  • Сапаты
  • Жалпысынан таасирдүүлүгү

Калыстар тобу 3 номинацияда (күлкүлүү, романтикалуу, оригиналдуу) жана «Гран-При» номинациясына жеңүүчүлөрдү тандайт. Ошондой эле Instagram социалдык тармагындагы I Love English баракчасында көрөрмандар тарабынан сүймөнчүлүккө ээ болуп, эң көп талкууланган видеоролик көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарткан деген байгени алат.

Ошол эле учурда көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарткан деген байгени алган видеоролик сынакта андан ары катышуусун улантып, үч номинациясынын бирин жеңип алышы толук мүмкүн.

БАЙГЕЛЕР:

Гран-при: MacBook 2019 13 inch Touch ID 128 GB

Категориялар боюнча байгелер:

Романтикалуу:

iPhone 11 128 GB

Күлкүлүү:

iPhone 11 128 GB

Оригиналдуу:

iPhone 11 128 GB

Kөпчүлүктүн көнүлүн өзүнө тарткан деген байге

Amazon Kindle

Жеңүүчүлөр Бишкекте өтө турган белектерди ыйгаруу аземине катышууга милдеттүү. Ошондой эле кошумча белектер сынактын демөөрчүлөрү тарабынан берилет.

Жеңүүчүлөргө билдирүү жасоо:

Сынактын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери жеңиши тууралуу электрондук даректеринен же телефондорунан кабардар болушат. Эгерде сынактын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери 2 жумуш күн ичинде алган байгесин аныктабаса, байгеси жобо боюнча башкага өтөт.

Сынактын катышуучулары:

«I Love English Because…Video Contest 2020» видеосынагына учурда Кыргызстанда жашап жаткан жарандар гана катыша алат. Кыргызстандагы АКШ элчилигинде иштегендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (күйөөсү, жубайы, ата-энеси, балдары, бир-туугандары) сынакка катыша алышпайт.

Эгерде жеңүүчү укугу жок деп табылса же сынакка катышуу эрежелерине туура келбесе, анда утуш жокко чыгарылып, альтернативдүү жеңүүчү тандалып алынат.

Атайын компьютердик программа аркылуу же башка жасалма добуш топтогон катышуучу сынактан четтетилет. Ошондой эле, эгерде башка катышуучуларга же сынактын жалпы жамаатына карата туура эмес, орой мамиле жасагандар да сынактан четтетилет.

«Лингва» Коомдук Фонду Комиссиянын кабыл алган чечимдерине таасир тийгизбешин эске алууңузду суранабыз. Сынактын катышуучулары социалдык тармактарда, телекөрсөтүүлөрдө, веб-сайттарда өздөрүнүн видеороликтерин пайдаланууга бардык укуктарын Кыргыз Республикасында АКШ Элчилигине жана Лингва Коомдук Фондуна беришет.

«I Love English Because…2020» сынагынын акыркы жаңылыктары менен кабардар болуш үчүн, бул шилтеме https://www.facebook.com/ILoveEnglishDay/ жана https://www.instagram.com/ilovenglishday/ аркылуу «Жагат» деген белгини басып, жаңыланууга жазылыңыз. Сиз акыркы жаңылыктар жана сынакка жиберилген видеороликтер жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк аласыз. Биз сизди күнүгө акыркы окуялар менен тааныштырып турабыз!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер