ВИДЕО КОЛДОНМО ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

  • 24.09.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги «ММК Колдоо борбору» Фонду менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда мугалимдерге окуу жараянында кеңири колдонуу үчүн бир катар видеосабактарды иштеп чыкты.

Мугалимдер үчүн видеосабак — бул ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун) элементтери менен сабактарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды камтыган, билим берүү жараянын уюштуруунун заманбап ыкмаларын көрсөтүүчү колдонмо болуп саналат.

Сабактарды иштеп чыгуу үчүн мектеп мугалимдеринин жана медиа эксперттердин ичинен 24 катышуучу тандалды. Алар тажрыйбалуу методист жана насаатчылар, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов жана Ош билим берүү институтунун инновациялык жараяндарды уюштуруу боюнча кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов, медиа эксперттер Айсулуу Текимбаева жана Назгүл Коңурбаеванын жетекчилиги астында мектеп предметтери боюнча 12 видеосабактын сценарийлерин иштеп чыгышты.

Мектептин негизги предметтери боюнча видеосабактардан тышкары, мугалимдер үчүн “Видеосабактарды уюштуруу” жана “Мугалимдер үчүн фактчек” усулдук видео колдонмолору даярдалды. “Видеосабактарды уюштуруу” боюнча колдонмодо адистер профессионалдык видеосабакты түзүү жана онлайн сабакты уюштуруу боюнча практикалык кеңештерди беришет. Ал эми «Мугалимдер үчүн фактчек» видео окуу куралы аркылуу мугалимдер издөө кызматын колдонуп, сүрөттөрдүн же ыкчам мессенджерлерде жайылтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү үйрөнө алышат.

Окутуу жараяны дистанттык форматта жүрүп жатканына байланыштуу видеосабактар эң популярдуу жана талап кылынган билим берүү куралдарынын бири болуп саналат. Анткени видеоформат визуалдык жана ассоциативдик эс тутумга таасир этет, ошону менен окуу материалын өздөштүрүүнүн максималдуу сапатын камсыз кылат.

Кыргыз тилиндеги видеосабактар: https://mediasabak.org/ru/education/common/lessons/4/

Орус тилиндеги видеосабактар: https://mediasabak.org/ru/education/common/lessons/5/

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер