VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫК: АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИ ТЕКШЕРДИ

  • 17.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдалып жаткан инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин абалы менен таанышты. VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫК: АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИ ТЕКШЕРДИМаанилүү эл аралык иш-чаранын алдында өкмөт башчысы эң оболу Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун даярдыгын барып көрдү. Белгилей кетсек, бул борбордо оюндардын расмий илимий программасынын алкагында «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт. Учурда аталган жайда маданий чөйрөнү байытуу максатында «Улуу тоолор баяны» чакырыгынын негизинде 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптурасы музейдин босогосуна орнотулган. VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫК: АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИ ТЕКШЕРДИАндан ары Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин даярдыгын карап, Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборундагы (Ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү. Муну менен катар, ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүүчү жаңы аренаны куруу долбоору жана шаардагы “Nomad” этно-комплексинин учурдагы абалы да жеринде текшерүүгө алынды. VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫК: АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИ ТЕКШЕРДИЖумушчу сапардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө МинКаб башчысы Кырчын жайлоосунда болуп, ал жердеги этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана тиешелүү инфраструктураны түзүү иштери боюнча баяндамаларды укту. Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына алдыдагы эл аралык деңгээлдеги оюндардын катышуучуларын жана конокторун жогорку уюштуруучулук деңгээлде тосуп алуу үчүн коопсуздук, көрктөндүрүү жана инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл бурууну эскертти. Ал бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер