ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖДОРУНА ТАНДОО БАШТАЛДЫ

  • 15.02.2022
  • 0

Бүгүн Венгриянын жогорку окуу жайларына тандоо сынактары башталды. Тандоо 18-февралга чейин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт.

Тестирлөөгө бакалавриат программасы (BA/BSc) жана бир деңгээлдүү магистратура программасы (OTM) боюнча STUDENT.EDU.GOV.KG кыргыз онлайн системасында документтерин ийгиликтүү жүктөгөн жана техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер киргизилди. Алар бүгүн табигый-илимий багыт (математика, биология, англис тили); медициналык багыт (химия, биология, англис тили); социалдык-гуманитардык багыт (Кыргызстандын тарыхы, адам жана коом, англис тили) боюнча тесттен өтүштү.

16-февралда техникалык багытта окуй тургандар математика, физика, англис тилинен тест тапшырышат. 17-февралда болсо экономикалык багыттагылар математика, адам жана коом, англис тилинен тесттен өтүшөт. Бул күнү онлайн форматта тестирлөөдөн өтүүгө уруксат алган талапкерлер дагы тест тапшырышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер