ВЕНГРИЯНЫН ЭЛЧИСИ КМУда

  • 15.12.2021
  • 0

14-декабрда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Венгриянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугуп, Венгриянын жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Эки тарап негизги төрт маселелеге токтолушту. Элчи Шандор Дороги Венгрия тарап КМУга атайын окуу курстарын уюштуруп, студенттерди окутууга ниети бар экенин билдирди. Ошондой эле венгер адабиятын жана маданиятын студенттерге таанытуу максатында КМУга окуу бурчун ачууга кызыктар экенин кошумчалады. Андан сырткары КМУнун студенттери үчүн Венгриядан билим алуу мүмкүнчүлүгү карала турганын айтты.

Белгилүү болгондой, Венгриянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен ректор Төлөбек Абдырахманов ушуну менен экинчи ирет жолугушту. Эки тарап былтыр да жолугуп, биргеликте иштешүү боюнча кеңири маалымат алышышкан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер