ВЕНГРИЯ МЕНЕН КЫТАЙ ЖОЖДОРУНА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

  • 08.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн адистери Фейсбук баракча аркылуу түз эфир уюштуруп, чет мамлекетте билим алуу, стипендиялар, эл аралык алмашуу программалар, чет өлкөлүк грант, квоталар жана учурдун актуалдуу программалары туурасында маалымат берди.

 

Бүгүнкү күнү кыргыз жарандары үчүн Венгрия, Кытай өлкөлөрүнө документтерди кабыл алуу жүрүүдө. Маалыматка ылайык, келерки 2023-2024-окуу жылына Венгрия тараптан 200 бюджеттик орун бөлүнүп берилди. Ал жакка окууга кабыл алуу 15-декабрга чейин жүргүзүлөт. Ал эми Кытайга окууга 23 орун бакалавриат, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы багыты боюнча бөлүнүп берилди. Ал жакка документтерди орун кабыл алуу мөөнөтү эки күндөн кийин, тактап айтканда, 10-декабрь күнү токтотулат. Россия Федерациясы 700 бюджеттик орун бөлдү. Бирок техникалык жагдайларга байланыштуу системасы декабрдын аягында же январь айынын башында ишке кирет.

                                              Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер