ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА СУНУШТАРДЫ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 04.05.2023
  • 0

Бүгүн, 4-майда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын катышуусунда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын жана лабораториялык жабдыктардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму өттү.

ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА СУНУШТАРДЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чечкиндүү кадамдарды жасоо менен билим берүү системасын реформалоо убактысы келгендигин айтып, мектептерди лабораториялар, компьютерлер жана жаңы окуу китептери менен камсыз кылуу бүгүнкү күндүн талабы экендигин белгиледи.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева “STEM предметтери боюнча мектептик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо”, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов “Кембридж программасына өтүү маселелери” темаларында презентация жасашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер