ВАЛИДАЦИЯЛОО ЖАНА СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ЖАРАЯНДАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРГЕ БОЛГОН ИШЕНИМДИ ЖОГОРУЛАТАТ

  • 12.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда «слесарь-сантехник» кесиби боюнча баалоо жараяны өткөрүлдү.

ВАЛИДАЦИЯЛОО ЖАНА СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ЖАРАЯНДАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРГЕ БОЛГОН ИШЕНИМДИ ЖОГОРУЛАТАТ

Баалоого 15 жылдык эмгек стажына ээ слесарь-сантехник А.Абдурахманов катышты. Ал өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн жана квалификациясын тастыктоо максатында Борборго кайрылган.

ВАЛИДАЦИЯЛОО ЖАНА СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ЖАРАЯНДАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРГЕ БОЛГОН ИШЕНИМДИ ЖОГОРУЛАТАТ

ВАЛИДАЦИЯЛОО ЖАНА СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ЖАРАЯНДАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРГЕ БОЛГОН ИШЕНИМДИ ЖОГОРУЛАТАТ

А.Абдурахманов кесиптик тажрыйбасын республиканын түштүк аймактарында топтогон. Кийин борбор калаага көчүп келген соң, өзүнүн кесиби боюнча слесарь-сантехник болуп ишке орношууну чечкен. Бирок ишке орношуу үчүн кайрылган ишканалар андан кесиптик квалификациясын тастыктаган сертификат талап кылышкан.

Баалоо Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун базасында уюштурулуп, атайын эксперттик комиссия тарабынан өткөрүлдү.

Баалоонун жүрүшүндө А.Абдурахманов өзүнүн теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн ийгиликтүү көрсөтүп, кесиптик компетенцияларын тастыктады. Натыйжада ал экзаменден ийгиликтүү өттү.

Кесиптик көндүмдөрдү валидациялоо жана сертификациялоо жараяндары эмгек рыногунда квалификациялуу адистерге болгон ишенимди жогорулатууга, кадрдык потенциалдын сапатын бекемдөөгө жана адистердин кесиптик деңгээлин өнүктүрүүгө багытталган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер