В.В.БАРТОЛЬДДУН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 27.11.2019
  • 0

В.В.БАРТОЛЬДДУН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН  КОНФЕРЕНЦИЯ

28-ноябрда Улуттук илимдер академиясында залкар окумуштуу-чыгыш таануучу, академик  В.В.Бартольддун 150 жылдыгына карата конференция өткөрүлөт.

В.В.Бартольд 1869-жылы 3 (15) ноябрында Санкт-Петербург шаарында орусташкан немис үй-бүлөдө туулган. 1887-жылы В.В.Бартольд  классикалык гимназияны алтын медаль менен аяктап Санкт-Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар  бөлүмүнө тапшырган. Өзүнүн илимий ишмердигинин  башталышынан тартып Борбордук Азиянын орто кылымдар тарыхына өзгөчө көңүл бөлгөн.

1900-жылы Бартольд магистрдик диссертациясын түп нуска булактар менен Түркстан тарыхы боюнча жогорку деңгээлде жактагандыгы үчүн докторлук даражасына ээ болгон.1910-жылы Бартольд Императорлук Санкт-Петербург илимдер академиясына член-корреспондент. 1913-жылы академик болуп Бартольд бир канча илимий уюмдарда илимий ишмердик менен алектенген. 1898-жылдан тартып географиялык, 1900-жылдан Орус археологиялык, 1911-жылдан  табигый илимдер сүйүүчүлөр коомуна, 1916-жылдан Тавр илимий комиссиясына мүчө болгон.

Изилдөөчүлүктөгү биринчи кадамынан тартып ал түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын тарыхына өзгөчө кызыккан. “Байыркы түрк жазууларынын тарыхый мааниси”, “Жети-Суунун тарыхынын очерки”  эмгектеринде кыргыз элинин тарыхы тууралуу баалуу маалыматтар кезигет. Кыргыздар тууралуу маалыматтарды чогултуп, системалаштырып, 1927-жылы “Кыргыздар” аттуу эмгегин жарыялаган. Бул очеркте кыргыздардын байыркы доордон ХIХ кылымга чейинки тарыхы баяндалат.

Конференцияга окумуштуулар, билим берүү жана илимий мекемелердин өкүлдөрү  катышат.

Уюштуруучулар: КР УИАны Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту

Бөлүшүү

Комментарийлер