В.А.МОЗГАЧЕВА БИШКЕКТЕГИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 17.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарындагы бир катар кесиптик лицейлерге барды.

В.А.МОЗГАЧЕВА БИШКЕКТЕГИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Маалыматка таянсак, иш сапардын максаты — билим берүү уюмдарынын учурдагы ишмердүүлүгү жана инфраструктурасы, ошондой эле министр тарабынан коюлган башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча негизги милдеттердин аткарылышы менен таанышуу болду.

В.А.МОЗГАЧЕВА БИШКЕКТЕГИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Министрдин орун басары окуу-өндүрүштүк устаканалардын, лабораториялардын жана окуу кабинеттеринин ишин көрүп чыкты. Лицейлердин материалдык-техникалык жактан жабдылышына жана окуучулардын практикалык даярдыгы үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

В.А.МОЗГАЧЕВА БИШКЕКТЕГИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Виктория Мозгачева коюлган милдеттерди аткарууда комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн экономикасы үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоодо кесиптик лицейлер негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында жаңы окуу жылына даярдык көрүү жана лицейлердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Ошондой эле кесиптик лицейлерди мындан ары өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер