УТРК ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ЧЫҢДАЙТ
- 14.09.2023
- 0
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы кадр даярдоо, аларды жумуш менен камсыздоо багытында жогорку окуу жайлар менен кызматташуусун улантууда. Бүгүн эки университет менен меморандумга кол коюлду.
Эки тараптуу кызматташуу тууралуу документке Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректору Аскарбек Байсеркеев, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев кол койду.
М.Кашгари атындагы Чыгыш университетиндеги Э. Ибраев атындагы журналистика жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы журналисттик кесипке даярдайт. Окуу жайдын жетекчилиги алар окуткан болочок журналисттер УТРКдан тажрыйба топтоп, иштөөгө шарт түзүү ниетин билдирди.
Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ — режиссёр, үн режиссёр, телеоператорлорду даярдаган өлкөдөгү негизги окуу жай. Андыктан, бул университетти бүтүргөн адистерге УТРКда талап жогору. Жолугушуу маалында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөө багыттарын талкууга алышты. Студенттер үчүн теориялык билимин тажрыйба түрүндө бышыктоо маанилүү болгондуктан, биргелешкен долбоорлорду даярдоо сунушу да айтылды.
Окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу маалында УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев жаш адистерди даярдоо, аларга иш берүү, кадрларды жаңылоого мекеме өзгөчө көңүл бура тургандыгын баса белгилеп, айтылган сунуштарды колдоого алды.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер