УСУЛДУК КҮН УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

  • 17.12.2020
  • 0

9-10 — декабрь күндөрү Аксы районундагы Темиркул Уметалиев атындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектебинде Усулдук күнгө карата «Усулдарды тактайлы, укмуштарын мактайлы!» аттуу ачык сабактар иш-чарасы уюштурулду.

УСУЛДУК КҮН УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

Мектептин директору Узен Атахановдун бизге берген маалыматына караганда, мугалимдердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө, сабак өтүү чеберчилигин жогорулатууга багытталган бул иш-чарага мектептин бир топ мугалимдери активдүү катышты.

УСУЛДУК КҮН УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

Тажрыйбалуу мугалимдер Исматуллаева Карамат (башталгыч класс), Толубаева Зирек (орус тили), Кенжебаева Элмира (башталгыч класс), Сарыбаева Айгүл (башталгыч класс), Кудайбердиева Карима (химия), Эшонкулова Мархабо (технология), Айылчиева Элмира (англис тили), Ражаббаева Динара (физика), Досалиева Гүлшайыр (физика), Асанов Бакыт (дене тарбия), Макамбаева Асылкан (кыргыз тили), Ботобекова Нургүл (башталгыч класс), Кенжебекова Калима (англис тили) жана Каныбек кызы Махабат (тарых) өз предметинен мыкты ачык сабактарды даярдап, кесиптештерине тартуу кылышты.

УСУЛДУК КҮН УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

Усулдук күндүн соңунда өтүлгөн ачык сабактарга баа берилип, колдонулган усул-ыкмалар боюнча өз ара пикир алышуу болду.

А. Алибеков, «Кут Билим».

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер