УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

  • 12.01.2021
  • 0

Илимий-педагогикалык «Мугалим» журналы менен бирдикте Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети жана «Кыргызстан педагогдордун коому» «Устатка таазим» иш-чарасын Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» борборунда өткөрдү. Иш-чарага билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Ж.А.Ташиев катышып, сөз сүйлөдү.

УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

Устаттар

Иш-чараны ачып жатып, Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., профессор, «Мугалим» журналынын баш редактору Рахат Сулайманова журналдын чыгышына алты жылдын жүзү болгонун, ал эми педагогикалык факультеттин ачылышына 11 жыл толгонуна токтолду.

— Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык шартка байланыштуу иш-чарабыз убагында өтпөй калган, эми чогуу-чаран, чакан болсок да өткөрүп жатабыз. Бизге колдоо көрсөткөн «Кыргызстан педагогдор коому», төрагасы Эсенбек Мамбетакунов, кыргызга белгилүү, чыгаан, залкар, эл мугалимдери, эмгек сиңирген мугалимдер, белдүү окумуштуулар дагы  келип, бизди колдоп отурушат. Сиздерге таазим кылабыз, урматтуу агай-эжейлер! Биз түзүлгөн күндөн тартып   ар бир жакшылыктарыбызга күбө болуп, ар тараптан колдоп-коштоп келесиздер. Педагогдорду даярдаган факультет бүгүн бутуна туруп, 11 жылдык тарыхын жазып койду. Быйылкы иш-чарабыздын өзгөчөлүгү — «Мугалим» төш белгисин мыктылардын мыктыларына тапшырмакчыбыз, — деди Р.Сулайманова.

УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

Андан соң сөз билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиевге берилди. Ал быйылкы жылы чыгаан педагогдор, белгилүү инсандар, элге кереги тийген, эл үчүн кызмат кылган инсандар COVID-19 апаатынан көз жумгандарын тизмектеп айтып, бир мүнөттүк аза күтүүнү жарыялады.

— Бүгүнкү  иш-чара чакан болсо дагы, жыл бою өткөрүлүп келген иш-чаралардын эң улуусу, маанилүүсү деп айтсам жаңылышпайм. Мугалимсиз, агай-эжейсиз биздин жашообузду таптакыр элестетүү мүмкүн эмес. Мугалимге таазим кылмайын, алардын эмгегин, мээнетин барктамайын, бааламайын  бир да кишинин жолу ачылбастыгын мен тажрыйбамдан көрүп, сезип жүрөм.  Чындыгында эле мугалимсиз турмушта басканды, турганды, жашаганды элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Кечээ эле бир иш-чарада Президентикке талапкерлердин бири эл чогулган жерден агайын көрүп, өзү басып барып, агайы менен учурашып, анан гана барып сүйлөп, келип жанына отуруптур.

Бүгүнкү иш-чара сыймыктана турган, эсте кала турган, дайыма жүрөгүбүздө сактала турган чоң майрам, чоң иш-чара.  Эч качан оорубагыла, ийгилик коштоп турсун. Бешинчи жолку иш-чара эмес, беш миңчи жолу өткөргөнгө жетишкиле. «Мугалим» журналы түбөлүк жашасын! Мугалим бар кезде, мугалим турган кезде иш-чаралар боло берет! — деди Жапаркул Ташиев.

УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

Бул жалындуу сөздөрдөн кийин сахнага улуу устаттар чакырылып, статс-катчынын колунан «Мугалим» төш белгиси менен сыйланышты. Алар: КР Эл мугалими, академик  Жайнаков Аманбек Жайнакович; КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевич; Ж. Баласагын атындагы КУУнун физиканы окутуу жана табият таануу кафедрасынын башчысы, КР УИАнын корр.-мүчөсү, педагогика  илимдеринин доктору, профессор, “Кыргызстан педагогдор коомунун” төрагасы Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович; Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Токтомамбетов Алмаз  Даткабекович; Ж. Баласагын атындагы КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевна; Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун кеңешчиси, педагогика     илимдеринин доктору, профессор Болжурова Ишенгүл Садыковна; Кыргыз билим берүү академиясынын башкы адиси, ф.и.д., профессор, педагог-окумуштуу Байгазиев Советбек Оросканович; КР Билим берүү жана илим министринин кеӊешчиси, Кыргыз Билим берүү академиясынын башкы адиси, п.и.д., профессор Мамытов Абакир Мамытович; И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илиминин доктору, профессор Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна; Кыргыз Билим берүү академиясынын бөлүм башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рысбаев Сулайман Рысбаевич; Кыргыз-түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Алимбеков Акматалы Алимбекович; Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин кесибин жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору, п.и.д., профессор Дюшеева  Назира Кубанычбековна;  Эл аралык Ала-Тоо университетенин илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимеринин доктору, профессор Калдыбаев Салидин Кадыркулович; педагогика илимдеринин доктору Субанова Мейилкан; Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук  “Сейтек” борборунун директору, п.и.к.  Челпакова  Сабийра Мусилимовна; Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Исаева Рапия. 

Сыйлык тапшырылгандан кийин профессор И.С.Болжурова сөз алып: «Ишибизди баалап, оор убакта чакырып иш-чара өткөрүп жатканыңарга чоң рахмат! Педагогдордун баарына чоң ыраазычылык айткым келет. Пандемия учурунда башка өнөр жайыбыз токтоп калганда кезде, билим берүү системасы иштеди. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 3000-7000ге чейин онлайн-сабактар жасалыптыр. Аларды кимдер жасады? Аны мугалимдер, педагогдор, методисттер күн-түн дебей иштешти. Доктурлар болсо, биздин ден соолугубузду оңдошту. Мугалимдер духубузду, билимибизди  көтөрүп жаттыңар. Баарыңарга таазим, аман болгула! Кыргызстаныбыз гүлдөп, өссүн! Мугалим бар — келечек бар!» — деди экс-министр.

Сыйлангандардын арасынан белгилүү окумуштуу агайыбыз С.Байгазиев атайын окурмандарга, мугалимдерге арнап быйыл жарык көргөн  педагогикалык, адабий алты томдугун КУУнун педагогикалык факультетинин китепканасына тапшырды.

Ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев өз сөзүндө мазмундуу доордо жашап жатканыбызды, адамды коркунучка такаган экологиялык системанын кыйрашы, климаттын бузулуп жатышы, улуттардын, айрым этностордун жок болуп жатышы ойлонтпой койбооруна, кыргыз өлкөсүндө мыкты инсандар көз алдыбызда өтүп кеткенине токтолду.

— Мугалим — өлкөнүн тагдыры, болочоктогу инсандын тагдыры, үй-бүлөнүн тагдыры.  Ошон үчүн Ч.Айтматов «Биринчи мугалим» повестинде качандыр бир мезгилде тентип кеткен Дүйшөндү болуп көрбөгөндөй идеализациялады,  — деди төрага.

Андан соң бир топ мугалимдерге «Кыргыз тили» төш белгиси  менен Ардак грамотасын тапшырды.

Педагогиканын каармандары

УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

“Кыргызстан педагогдор коомунун” төрагасы Эсенбек Мамбетакунов сөзүндө өтүп бараткан жылы педагогика жаатында чоң жоготуулар болгонун белгиледи. — 99 жашында п.и.д. М.Балтабаев М., 90 жашында п.и.д. И.Бекбоев, Ж.Каниметов, Ж.Байсалов ж.б. өтүп кеткендер ар дайым биздин эсибизде болот. Алардын жасаган иштерин айтып, кийинки муундарга жеткирип туруу милдетибиз. Педагогдордун коомунун активисттери, демилгечилери менен жыл сайын медаль тапшыра баштадык. Биринчи медалды И.Бекбоевге тапшырганбыз. Убагы менен тапшырып туралы деген чечим чыгарганбыз. «Педагогиканын каарманы» төш белгиси менен Ж.Каниметовго ыйгарылды. Ал киши тирүү кезинде тапшыралы деп турганда пандемия болуп, конференциясы да жылдырылып, андан соң өзү кайтыш болуп калды, — деди Э.Мамбетакунов. Ыраматылык Ж.Каниметовго ыйгарылган медалын баласы Бакытка тапшырылды. «Педагогиканын каарманы» медалы менен М.Субанова, И.Болжурова, А.Алимбеков, А.Мамытов, С.Рыспаевдер сыйланышты.

Жылдын мыктылары

УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

Мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч, орто, жогорку жана  кошумча билим берүү мекемелеринин ишин  моралдык жактан стимулдаштыруу максатында билим берүү тутумуна кошкон салымы, пандемия учурунда мыкты телесабактарды уюштургандыгы, жаш муундарды тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн мыктылардын мыктылары  «Мугалим» төш белгиси жана диплом менен сыйланышты. Алар:  «Жылдын мыкты мугалими»  — Бишкек шаарындагы  №55 орто мектебинин география мугалими Бийик Рыскулбеков; «Жылдын мыкты телесабагы» —  “Грамотеи” орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Морозова Ирина Викторовна; «Жылдын мыкты телесабагы»  — Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин жана “Ихлас”эл аралык мектебинин кыргыз тили адабияты мугалими  Абдиназаров Жеӊишбек Маткаримович; «Жылдын мыкты телесабагы» — «Сейтек» толук эмес жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Асаналиева Майрамкүл Мукашевна; «Жылдын мыкты изилдөөчү мугалими» — Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору Бообек уулу Болот; «Жылдын мыкты билим берүү бөлүмүнүн башчысы» — Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арыков Талантбек Каналбекович; «Жылдын мыкты билим берүү бөлүмүнүн башчысы» — Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Иманалиев Болот Токтоналиевич; «Жылдын мыкты кафедра башчысы» — Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Адылбек кызы Гүлназ;  «Жылдын мыкты бала бакча башчысы» – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Бал-Таттуу» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Абдылдаева Гүлбара Осмоновна;  «Жылдын мыкты чыгармачыл  борборунун жетекчиси» — Лейлек районундагы “Баластан” балдардын чыгармачыл борборунун жетекчиси Түркбаева Нургүл; «Жылдын мыкты автору» —  Билим берүү жана илим министрлигине караштуу республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борборунун директору Акматов Кыялбек Камутович;  «Жылдын мыкты дизайнери» — республикалык “Кут Билим” газетасынын дизайнери Осмонкулова Гуляра жана  «Мугалим» журналынын дизайнери Жанболот уулу Улан.

Сөз алган «Сейтек» толук эмес мектептин башталгыч классынын мугалими М.Асаналиева, пандемия учурунда өзү катуу ооруганына карабай 2-3 саат гана уктап, сабактарды тартканын айтып, зейинибизди кейитти.

Ал эми Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, жаңы басылып чыккан энциклопедияда журналдын баш редактору Рахат Сулайманова бар экенин айтып, китепти өз колуна тапшырды. Андан соң билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан мугалимдерди, окутуучуларды Ардак грамота менен сыйлады.

Белгилей кетчү жандай, жаңы эле Кыргызстанда түзүлгөн «Инновацияларды өнүктүрүү» борборунун негиздөөчүсү Бегимбай Алишев мугалимдердин эмгеги баа жеткис экенине токтолуп,  IT  компаниялардын башын бириктирип, заманбап технологияларды өздөштүрүү максатында жаштарды окутуп жатканын айтты. Өзүнүн атынан «Мугалим» журналына бир компьютерди белекке берди.

 Координаторлор жана кызматкерлер

УСТАТТАРДЫН ЖАНА МЫКТЫЛАРДЫН ЖЫЛ МАЙРАМЫ

«Мугалим» журналынын өлкө боюнча таратууда региондо иштеп жаткан координаторлордун да салымы зор. Алар да  журналдын төш белгиси менен  сыйланышты. Асыранов Эржан Эсенбекович (Талас облусу); Осмонова Райхан (Лейлек району); Жунусов Тургунбай (Ош облусу); Ишеналиева Айзада (Жумгал району); Асанова Жанара (Кочкор району); Ибраева Назгүл Ильязовна (Нарын шаары); Талайбеков Бакыт (Чүй облусу); Алиева Нургүл (Балыкчы шаары); Шарапова Нургүл (Каракол шаары); Абдиназаров Жеңишбек Маткаримович (Баткен облусу).

Ушуну менен эле катар «Мугалим» журналын убагында чыгарып окурмандарга жеткирип жаткан журналдын шеф-редактору Гүлнара Алыбаева Кыргыз билим берүү академиясынын Ардак грамотасы, менеджерлер Сапаргүл Добутова менен Асель Жумакуновалар КУУнун Ардак грамотасы жана баары тең «Мугалим» төш белгиси менен сыйланышты.  Журналдын баш редактору Рахат Сулайманова КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» жана «Насаатчы» эл аралык коомдук фондунун «Ардактуу мугалим» төш белгилери жана райондук билим берүү борборлорунун ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Ошентип жыл жыйынтыктоо майрамында келгендердин баарына сыйлык тапшырылып, келээрки жыл бейпилдиктин, кененчиликтин, эсенчиликтин жылы болсун деп кайтышты.

P.S: Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы мындан беш жыл мурда жарыкка чыккан болчу. Анын ачылышынын негизги максаты – жер-жерлердеги мугалимдерге методикалык жактан көмөк көрсөтүү, ошондой эле мектептерге алдыңкы иш тажрыйбаларды, билим берүүдөгү жаңычыл идеяларды жайылтууну көздөйт. Жалпы агартуу журтун педагогикалык, илимий жана практикалык жаңылыктар менен тааныштырып туруу максаты коюлган.  Мындан сырткары, элибизге билим берүү чөйрөсүндө эмгеги сиңген улуу инсандарыбыздын калтырган эмгектерин, өмүр жолун, ошондой эле педагогдор династиясы тууралуу кеңири маалыматтар берилип турат. Эгемендик жылдан бери Кыргызстанда бир дагы методикалык журнал негизделген эмес. Ошол себептен, педагогикалык коомчулук журналга муктаж болуп турган учурда «Мугалим» журналы жарык көргөн. Журнал түстүү, кварталына бир жолу 80 бет менен чыгат. Пандемия учурунда, т.а. 2020-жылы эки журнал бириктирилип, жылына эки гана жолу чыкты. Буюрса, 2021-жылдан тарта кварталына бир жолу чыга баштайбыз. Жалпы нускасы – 1500.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер