УСТАТ-ШАКИРТТЕР ТАЙМАШЫ

  • 19.04.2023
  • 0

Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы орто билим берүүчү мектебинде усулдук иштерди жандандыруу, устат-шакирт байланышын чыңдоо максатында «Устаты үлгү болуптур, шакирти андан озуптур» аттуу иш-чара болуп өттү.

УСТАТ-ШАКИРТТЕР ТАЙМАШЫ

Бул жолу  устат жана шакирттерден түзүлгөн беш топ күч сынашты. Командаларга  калыстар тобунан кызыктуу суроо-тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында Мырсалиева Уулбү жана Токтоназарова Шайыр жеңүүчү деп табылды. Ал эми Момунова Айганыш жана Калмырзаева Назгүл «Мыкты устат жана мыкты шакирт», Сатиева Айзат жана Казаков Али «Жөндөмдүү устат жана жөндөмдүү шакирт», Жунусова Зыйнат жана Чыныбекова Миргүл «Жигердүү устат жана жигердүү шакирт»,  Камбарова Чынар жана Кожобекова Кутбу «Таланттуу устат жана таланттуу шакирт» номинациясында өзгөчөлөндү. Сынак жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн алкоосуна арзыды.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер