“УСТАТ” ПОРТАЛЫ — МУГАЛИМДЕРДИН ЧЫНЫГЫ УСТАТЫ
- 23.10.2025
- 0
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту “Устат” жаңы билим берүү порталын ишке киргизди. Бул тууралуу институттун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.
Институт Кыргызстандагы мугалимдердин кесиптик өсүшүн камсыздап келаткан алдыңкы билим берүү мекеме болуп саналат. Учурда мында жыл сайын жүздөгөн программаны иштеп чыгып, миңдеген мугалимдин квалификациясын жогорулатууда.
— Санариптик өнүгүү — институттун стратегиялык багытынын негизги бөлүгү. Биздин максат — сапаттуу жана заман талабына жооп берген онлайн-курстарды, методикалык материалдарды сунуштоо жана өлкө боюнча билим берүү процессин жакшыртуу. “Устат” платформасы мугалимдерге жана методисттерге онлайн форматта өз квалификациясын жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Анын негизги өзгөчөлүктөрү – онлайн курстар, видео лекциялар, тесттер жана практикалык тапшырмалар; катталуу жана автоматтык маалымдамалар системасы. “Устат” порталы мугалимдер үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү билим мейкиндигине жол ачат. Учурда порталда 8000 мугалим катталып, курстарды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, — дейт А.Токтомаметов.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер