УСТАТ МУГАЛИМ

  • 26.05.2023
  • 0

УСТАТ МУГАЛИМУСТАТ МУГАЛИМ

Элетте жашап туруп эле, мекенибизге жүздөгөн татыктуу уул-кыздарды тарбиялап өстүрүп, мектеп туурунан учурган ары боорукер, ары кичипейил карапайым мугалим, бир топ коомдук сыйлыктардын ээси, Билим берүүнүн мыктысы Кулубай Ботоев агай 75 жашка чыкса да, мектептен кол үзбөй устатчылык, насаатчылык ишин жүргүзүп келет.

Кулубай Ботоев агай 1948-жылы  мурунку Жаңы-Жол, азыркы Аксы районунун кичи Ак-Жол айылында туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, бир туугандарынын колунда тарбияланат. Тогуз жашында биринчи класска кирип, Ак-Жол (азыркы М.Сыдыков) атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1968-жылы советтик армияга чакырылып, эки жыл армиянын катарында кызмат өтөйт. 1970-жылы армиядан келип, Майлуу-Суу шаарындагы медициналык окуу жайына тапшырып, 1971-жылы оор операция болуп, окуусун уланта албай калат. 1972-жылы кичи Ак-Жол  мектебинде улуу пионер вожатый болуп орношот. Андан соң 1974-жылы Жаңы-Жол айылындагы мурунку Ленинчил жаш, азыркы Ж. Мамытбеков атындагы орто мектебине пионер вожатый болуп которулуп келип иштейт. Ошентип, 1974-жылдан баштап союз тараганга чейин улуу пионер вожатый болуп, аяк башы 20 жылдан ашык эмгектенет. Андан кийин кружок жетекчиси, кызыл үйчү жана башка жумуштарды аткарат.  Бул бир караганга жеңил жумуштай көрүнгөнү менен, кезинде тарбиянын эң маанилүү тарабы эле. 1986-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайына сырттан тапшырып, окуйт. Турмуштун өйдө-ылдыйын көп көрүп калгандыктанбы, адамдык пейили кенен, бала кыял  Кулубай агай өз өмүрүндө окуучу балдарды тарбиялоодо эң жагымдуу жагдай түзүп, аларга ата-энесиндей камкордук көрүп, мекенчилдик сезимге ширетип дем күч берип келди.  Азыркы учурда ардактуу эс алууда болсо да, бирге иштеген кесиптештери менен баарлашып, кеп-кеңешин айтып турат. 42 жыл мектепте иштеп, бир топ сыйлыктардын ээси болду. Жаңы-Жол айылынын ардактуу атуулу.

Аксы районундагы Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектебинде   Кулубай Ботоевдин демилгеси менен Балдар жана өспүрүмдөр аянтчасы түзүлүп, ал жерге айылдын мыкты инсандарынын, кадырман педагогдорунун, көп жыл иштеген директорлордун, ушул мектептен бүтүргөн илимдин кандидаттарынын сүрөттөрү илинген. Аянтчада класстан тышкаркы иштер, кароо сынактар, маданий иш-чаралар, жолугушуулар өткөрүлүп турат. Ал жерде балдар жөнүндө кабыл алынган мыйзамдар, кодекстер да илинген. Аянтчаны агай өз каражатына курдурган. Эл сый кылып, ал аянтчага агайдын ысымын ыйгарышты. Каарманыбыз мындан тышкары жыл сайын эки айыл ортосунда “Сайра комуз” сынагын өз каражаты менен өткөрүп келүүдө. Ардактуу эс алууда болсо да мектепке көп келип, жаш мугалимдерге акыл-насаатын айтып турат.  Агай менен бирге иштешкендер ар дайым жылуу пикирде, эмгегин жогору баалашат. Мисалы, илимдин кандидаты Нуржан Арстанбеков: -Кулубай агай менен чогуу көп жыл мектепте бирге иштедим. Мен комсомол уюмунун секретары элем. Агай улуу пионер вожатый болчу. Устатым өз ишине берилип иштеген педагог экенине чогуу иштеп жүргөндө ынандым. Анын колунан көптөгөн окуучуларындай эле мен дагы татыктуу тарбия алгам, -дейт сыймыктана.

-Бизде тажрыйбалуу мыкты мугалимдер арбын. Алардын ичинде Кулубай агайдын орду башкача. Бир мектепте 40 жылдан ашык билим берип, окуучуларды тарбиялоого бардык күч аракетин жумшаган Кулубай Ботоевдин эмгеги чындыгында ат көтөргүс деп айтууга болот. Андан сырткары агай мектеп менен байланышып, мыкты окуган окуучуларга стипендия да берип турат. Кулубай агай жөнөкөй мугалим, кичи пейил инсан,- дейт белгилүү журналист Абдымомун Калбаев. -Мен Кулубай агайды окуучусу катары абдан сыйлайм. Айылдагы көптөгөн чыгаан уул-кыздар ушул агайдын колунан тарбияланды. Коомдук иштерге дайыма биринчилерден болуп катышат. Элеттеги көпүрөлөрдү салууда, жолдорду оңдоодо, арыктарды чабууда анын эмгеги көп. Агай айылдын ардактуу атуулу, -дейт  Жаңы-Жол айыл-өкмөтүнүн башчысы Кочкорбаев Эламан.

Төрт кыз, бир уулдун атасы, ондон ашык неберелүү болду. Эки чебереси Кулубайдын бактысы. Тун кызы Гүлзат – мугалим, Рахат – дарыгер, Ильяс – юрист, Асылкан, Таңгүлү бизнес жаатында иштешет. Чоң небереси Эльгиза комузчу. Көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү.  Экинчи небереси Нургиза – сүрөтчү. Үчүнчү небереси Чолпон – мыкты спортчу. Тагдыр экен, өмүрлүк жары Бактыкан оорудан улам кайтыш болуп кеткен.

Агай азыр деле  мектептин бир топ иштерине жардам берип турат. Кулубай агайдын талбаган эмгегин устаттары, шакирттери, бир кезде окуткан окуучулары  КРнын эмгек сиңирген мугалими наамына татыктуу деген мааниде  редакциябызга кат жазышып, өз пикирлерин билдиришиптир. Эмне демекчибиз, улуу пионер вожатый, ак жүрөк педагог Кулубай агай бардык сый-урматка татыктуу экендигин биз да баса белгилегибиз келет. Алдыдагы 75 жашыңыз менен куттуктайбыз. Ордуңуз ар дайым төрдө болсун!

М.ТОКТОРов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер