USAIDДИН ОНУНЧУ БОРБОР АЗИЯЛЫК СООДА ФОРУМУ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ БАШТАЛУУДА

  • 16.11.2020
  • 0

16-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) онунчу ар жылдык Борбор азиялык соода форумун ачып жатат. Бул форум Борбордук Азияда жана башка чет өлкөлөрдө соода-сатыкты жүргүзүүнү жана байланышты жөнгө салууну колдоого багытталган эл аралык иш-чара. Быйыл беш күндүк форумга 39 өлкөдөн, анын ичинде АКШ, Ооганстан, Грузия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Россия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, БАЭ, Улуу Британия, Украина жана Өзбекстандан 100 спикер жана 4 миң катышуучу катышышы күтүлөт.

Бул жылдын темасы “Борбордук Азия – өсүш жана өркүндөө”. Форумда COVID-19 пандемиясынан кийинки экономиканы калыбына келтирүү мезгилинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн базарларынын жаңы тренддери жана реакциялары каралат. Аталган виртуалдык иш-чараны Zoom, Facebook Live жана YouTube сыяктуу түрдүү онлайн-платформаларында көрүүгө болот. Форумдагы талкууга эл аралык жана жергиликтүү серепчилер, новаторлор жана бизнесмендер катышат.

Катышуучулар интерактивдүү онлайн-сессияларга туташып кошулуп, COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн региондогу жүк ташуу тутумун жакшыртуу, туризмди калыбына келтирүү, аймактык электроэнергия рыногун күчөтүү, онлайн-соода-сатыктын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, аймактык аялдык ишкерликти түзүү ж.б. темалары боюнча талкууларга катыша алышат.

Мындан башка, Соода дүйнөсү чекене форумунун алкагында Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын 20дан ашык жер-жемиш өндүрүүчүлөрү үчүн потенциалдуу өнөктөштөр менен В2В сүйлөшүүлөрү үчүн ылайыктуу шарттар түзүлөт.

“Он жыл мурун бул Соода форуму соода кызматташууну кеңейтүү аркылуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда туруктуулукту, өркүндөөнү жана өз ара байланышты бекемдөө максатында түзүлгөн. Соода-сатык өз ара пайдалуу болуш керек. Бирдиктүү күч-аракет менен ар бирибиз ак-ниет жана ачык-айкын соода кызматташуудан пайда ала алабыз” – деди АКШнын Казакстандагы элчиси Уильям Х.Мозер иш-чаранын ачылышында.

Форумга Вашингтондон USAIDдин Азия бюросунун жетекчисинин жардамчысы Хавьер Пиедра кошулду. Ал: “USAID мындай маанилүү иш-чараны колдоону мындан ары уланта бере турган мүмкүнчүлүгү менен сыймыктанат жана Борбордук Азия аймагында, анын ичинде Ооганстанда, жаңы коммерциялык карым-катнашка колдоо көрсөтүү жана Борбордук Азия жана АКШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташууну бекемдөө аркылуу соода-сатыкты өбөлгөлөөнү жактай берет” — деп айтты.

Акыркы он жылда, Борбор-азиялык соода форуму идеялар менен алмашуу, жаңы багыттарды талкуулоо, байланыштарды түзүү жана бизнести өнүктүрүү максатында 30 өлкөдөн 5 миңден ашык өкмөт жана бизнес өкүлдөрүн, серепчилерди бириктирди. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода операциялар бул убакытта эки эседен ашып, жылына 6 миллиард долларга жеткен.

Атаандаштык жөндөмдүүлүк, соода-сатык жана жумуш орундарын түзүү боюнча USAID долбоору бул Форумду Укмуштуу туризм соода ассоциациясы, Өзбекстандагы америкалык соода палатасы, CERT академиясы, Логистика жана транспорт тастыкталган институту, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкы, Муздаткыч чынжыры глобалдык альянсы, Indy Guide, «Kazlogistics» Казакстандын транспортниктер биримдиги, «Lonely Planet» басмаканасы, ОЭСР, БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюму, Wideoyster журналы, “Логистика жана транспорттогу аялдар” долбоору жана World Travel Market көргөзмөсү менен бирдикте уюштурду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер