USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ ЖАШ АВТОРЛОРДУ ЖАНА ЖАЗУУЧУЛАРДЫ КЫЗМАТТАШУУГА ЧАКЫРАТ
- 06.04.2021
- 0
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору тажрыйбалуу жана жаш авторлорду жана жазуучуларды конкурсттук негизде 7-12 жаштагы балдар үчүн китептерди жаратууга чакырат.
Балдар китептерин иштеп чыгуу процесси боюнча бир катар семинарлар 2021-жылдын апрель — июнь айларына пландаштырылган.
Сынакка катышуу үчүн 7-12 жаштагы балдар үчүн кыскача оригиналдуу окуя /аңгеме жазып жөнөтүү керек.
Чыгармага коюлуучу талаптар:
- 250 сөздөн ашпоосу керек
- 7-12 жаштагы балдар үчүн кызыктуу болушу керек
- Чыгарманын жанры: повесть, поэзия, фантазия, комикс
Чыгармаңызды 2021-жылдын 20-апрелине чейин Word форматында «Конкурс» деген аталыш менен төмөнкү маалыматтардын коштоосунда тапшырыңыз: автордун толук аты-жөнү, сюжеттин аталышы, жөнөтүүчүнүн телефону жана электрондук почтасы.
Конкурска чыгармаларды жөнөтүү үчүн электрондук почта дареги: [email protected]
Жөнөтүлгөн чыгармаларга сын-пикир айтылбайт жана кайра кайтарылбайт.
Сурап билүү үчүн телефон: +996 777 777 654
Комментарийлер