USAID 900 МЕКТЕПКЕ 380 МИҢДЕН АШУУН КИТЕП ТАПШЫРДЫ

  • 26.09.2019
  • 0

Бүгүн АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигине 384 250 жаш балдар үчүн окуу китептерин тапшырды. Китептер Кыргызстан боюнча 900 мектепке өткөрүлүп берилет. Китеп тапшыруу аземи 26-сентябрда Бишкек шаарында өттү.

USAID 900 МЕКТЕПКЕ 380 МИҢДЕН АШУУН КИТЕП ТАПШЫРДЫ

Китептер 55 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган аңгемелерден турат. Китептер башталгыч мектептип окуучулардын кошумча окуусу үчүн багытталган.

 

Бул жолу USAIDдин Билим берүү министрлигине китептерди быйыл экинчи ирет тапшыруусу. Биринчи жолу 2019-жылдын апрель айында 110 миңден ашуун китеп тапшырылган эле. Жалпысынан, USAID “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун алкагында 2020-жылга чейин 1,2 млн китеп басып чыгарып, тапшырууну көздөйт.

USAID 900 МЕКТЕПКЕ 380 МИҢДЕН АШУУН КИТЕП ТАПШЫРДЫ

«Бул китептер Кыргызстанда чыгарылып, көбү кыргыз тилинде жарык көргөнүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз жергиликтүү авторлор, басмаканалар жана иллюстраторлор менен иштеп, сапаттуу китептерди чыгарууга аракет кылып жатабыз», — деди Гэри Линден, USAIDдин Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн башчысы.

USAID 900 МЕКТЕПКЕ 380 МИҢДЕН АШУУН КИТЕП ТАПШЫРДЫ
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын сөзү боюнча, китептерди тандап, басып чыгууда эң жакшы авторлор, корректорлор жана башка адистер катышты. «Эң негизгиси – бул китептер биздин жаш окурмандар жана ата-энелер тарабына жакшы кабыл алынып жатат», — деди ал.

USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору жалпы бюджети 9,9 миллион АКШ долларын түзгөн, бaшталгыч класстардагы балдарды окуу жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталган төрт жылдык долбоор. Долбоор өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги менен кызматташтыкта алып барат.

Бөлүшүү

Комментарийлер