USAID МЕКТЕПТЕРГЕ 1,5 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕПТЕРИН БЕРДИ

  • 19.03.2021
  • 0

18-мартта АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери менен тааныштырды. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият, информация жана туризм министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды. Беш жылдын ичинде долбоор өлкө боюнча башталгыч класстарда китеп окууга үйрөтүүнүн инновациялык усулдарын киргизди. Долбоор алкагында, USAID мектептерге 1,5 миллиондон ашуун сапаттуу окуу материалдарын тапшырды. 

USAID МЕКТЕПТЕРГЕ 1,5 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕПТЕРИН БЕРДИ

Бул китептер башталгыч класстардын окуучулары кызыктуу жана сапаттуу окуу материалдары менен камсыз болуу үчүн өлкө боюнча 900 мектепке берилди. Алар кыргызстандык авторлордун жана сүрөтчүлөрдүн жардамы менен иштелип чыкты. «Бул чындыгында эле белгилей кетчү нерсе — Кыргызстанда жасалган китептер кыргыз балдардын колунда», — деди USAIDдин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Алдер Бартлет.

Долбоордун дагы бир максаты — мугалимдерге окутуунун жаңы методикаларын үйрөтүү жана жалпы окуу маданиятын илгерилетүү аркылуу 1-4-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү болгон. «Биз 9 миң мугалимди жана башка билим берүү кызматкерлерин китеп окууну үйрөтүү жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалар боюнча тренингдерди өткөрдүк. Аларда өлкөнүн 200 миңден ашуун окуучусунун окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жардам берүүчү куралдары бар», — деди Алдер Барлетт.

USAID МЕКТЕПТЕРГЕ 1,5 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕПТЕРИН БЕРДИ

«Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун колдоосу менен мугалимдер өз ишинде аңгемелерди, оюндарды жана кол өнөрчүлүктү колдонуп, окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонууну үйрөнүштү. Мугалимдерге тиешелүү колдонмолор, постерлер жана башка кошумча материалдар берилди. Окуудан ийгиликтүү өткөн мугалимдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик сертификаттарына ээ болушту.

“Долбоор 900 мектеп китепканасында 217 аталыштагы классификацияланган адабият базасын түзүп, башталгыч класстарда окууну окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн негиздерди түптөдү”, — деди КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова.

USAID МЕКТЕПТЕРГЕ 1,5 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕПТЕРИН БЕРДИ

????????????????????????????????????

USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору 2016-жылдан 2021-жылга чейин иш алып барды. Башталгыч билим берүү тармагында USAID Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну улантууда. Жаңы «Окуу керемет!» демилгеси башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. «Окуу керемет!» Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык мамлекеттик мектептерин камтыйт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер