USAID КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА 125 ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧ ОРНОТУУДА

  • 11.04.2018
  • 0

Ош, Кыргызстан — Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү аракетинде 125 жаңы жол көрсөткүч жана көчөлөрдүн карталарын орнотууда. Көрсөткүчтөртөр туристтер шаар ичи жана жаратылыштагы жөө жүрүү жолдорду оңой табуу үчүн түзүлдү. Демилге Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси долбоору тарабынан ишке ашып, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

USAID КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА 125 ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧ ОРНОТУУДА

Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын жетекчиси Кимберли Роузендин айтымында, USAID 2016-жылы Ош жана Каракол шаарларынын негизги көчөлөрүндө 80 жол көрсөткүч жана жөө жүрүүгө багытталган карталарды орноткон. Жыйынтыгында, жалпысынан USAID 2018-жылдын июнь айына чейин 205 көрсөткүч орноткон болот. “Быйыл USAID Нарын, Ысык-Көл жана Ошто кошумча сегиз карта жана он бир туристтик карта орнотуп, Кыргызстан боюнча 106 жол көрсөткүч орнотуп жатат”, деди Кимберли айым.

Жол көрсөткүчтөр эл аралык тажрыйбага ылайык күрөң түстө болуп, сейил бак жана эс алуу жайлардагы көрсөткүчтөрдүн форматына ылайык түзүлгөн.

USAID КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА 125 ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧ ОРНОТУУДА

Туристтик көрсөткүчтөрдү орнотуу USAID Бизнести өнүктүрүү боюнча 20.2 АКШ долларлык демилгесинин алкагында Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аракетинде уюштурулду. Долбоор өлкөдөгү туристтик ишканалар, мейманканалар, музейлерге жардам берүүгө умтулуп, Кыргызстанды эл аралык туристтик аренада таанытууга багытталган. Былтыр конок үйлөр менен өнөктөш мейманканалар 2016 жылга салыштырмалуу туристтердин саны 48 пайызга өскөнүн кабарлашкан. Жергиликтүү туризмди өнүктүрүү уюмдары 2017 жылы кирешенин 40 пайызга өскөнүн кабар берсе, туроператорлор сатыктардын 13 пайызга көбөйгөнүн айтышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер