USAID КИТЕПКАНА КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨГӨ КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

  • 06.06.2018
  • 0

USAID КИТЕПКАНА КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨГӨ КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

30-майда  Бишкек шаарынын № 20, 26, 37 жана 63 мектептери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен Китепкана күнүн белгилешти.  Бул иш-чарага 50гө жакын башталгыч класстардын окуучулары, мектеп жетекчилери, китепканачылар жана USAIDдин өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара балдардын китеп окууга кызыгуусун жана китепке болгон сүйүүсүн жандандырууда китепканачылардын ролунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөдү. Китепканачылар өздөрүнүн мектеп китепканалары жөнүндө айтып берип, жаш окурмандарга китептерди кантип издөө боюнча кеңеш беришти жана жайкы каникулда окуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунушташты.

USAID КИТЕПКАНА КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨГӨ КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

—Биз ар дайым балдар-кыздарды биздин китепканаларыбызда көрүүгө кубанычтабыз, анткени алар жылуу сезимдерди, күлкү жана бакыт алып келишип, китепканаларды эң бактылуу жайга айландырышат, — дейт  №20 мектептин китепканачысы Удодова Наталья.

Ошондой эле бул иш-чара убагында балдар театр оюнун коюуга, кол менен аңгеме китебин жасоо боюнча мастер-класска жана белгилүү китептер боюнча суроо-жооп оюнун түзүүгө катышышты. USAIDдин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жетекчисинин жардамчысы Хавьер Пьедра мырза да бул иш-чарага катышып, балдарга аңгеме окуп берип, аларды жаш угармандар менен бирге талкуулады.

USAID КИТЕПКАНА КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨГӨ КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

Кошумча маалымат үчүн: Иш-чара 1-4-класстардын окуучуларынын базалык окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган, бюджети 7,9 млн. АКШ долларын түзгөн, USAIDдин “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун алкагында уюштурулду. Аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат; Кыргыз Республикасы боюнча 900 мектепти камтып, 8 миңден ашуун мугалим жана билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн китеп окууну үйрөтүүдөгү алдыңкы дүйнөлүк тажрыйба боюнча тренингдерди өткөрөт. Ошондой эле, долбоор окуучуларды жаш курагына жана окуган жылына ылайык кошумча окуу материалдары сыяктуу түрдүү жана сапаттуу ресурстар менен камсыздайт. Мындан тышкары, бул долбоор окуучулардын китеп окуу көндүмдөрүн жогорулатуу ишине ата-энелерди жана коомчулукту тартат.

Жылдыз Акматова, USAIDдин “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун коомчулук менен башланыш  адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер