УРБАГЫЛА, БАЛДАРДЫ УРБАГЫЛА

  • 22.04.2020
  • 0

УРБАГЫЛА, БАЛДАРДЫ УРБАГЫЛА

Урматтуу, ата энелер!

Балдарды урбаңыздар! Өз эрки, өз кызыгуусу менен тапшырмаларын аткарышат… Суроо берсе жообун берсеңиздер болду. Эгер тил албай жатса личкадан мени менен сүйлөштүрүңүздөр. Балдарды дайымкыдай таза жуунтуп, курсагын тойгузуп тв көрсөтүп, сабактарга катыштыра бериңиздер. Балдар биздин келечегибиз. Балаңыз мээримдүү болсун десеңиз, балага мээрим көрсөтүңүздөр!!!

***

Урбагыла, балдарды урбагыла,

А көрөкчө аларды тыңдагыла.

Чоңойсо да өөп жыттап пешенесин,

Колдон келсе алдей ырын ырдагыла.

Жууп чачын өргүлө, тарагыла,

Жардам берип ишине жарагыла.

Жаным балам- деп айтып карегине,

Жандуу мээрим төккүлө, карагыла.

Эмне болду, сага? — деп сурагыла,

Эркелетип кээде өзүн туурагыла.

Жакшы эс ал, жакшы жат балапаным,

— деп айткыла шыбырап кулагына.

Ашира Кулишева,

Ала-Бука районундагы N30 Кара-Үңкүр жалпы орто билим берүүчү мектебинин биология мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер