УРАЛ ТООСУНАН АЛА-ТООГО УЛАНГАН САПАР
- 11.06.2018
- 0
41 жыл агартуу тармагында мугалим болуп иштеген Cажида Камалова 1943-жылы педагогикалык техникумда жаңы ачылган кыргыз класстарга орус тилин окутуучу атайын бөлүмүн жалаң “5” деген бааларга эле эмес, бир тууган таежесинин үч жашар кызын жетелеп жүрүп аяктаган.
“Эл душманынын” эрке кызы
94 жаштын даамын сызып отурган Сажида Камалова учурда Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында жашайт. Тагдырдын буйругу менен агартуучулук милдетти аркалап келип, ушул жерден баар таап, жолдошу Садыралиев Абакир экөө бала-чакалуу болушуп, очор-бачар ордолуу шаар курушкан.
Сажида Кираматовна 12 жашында мугалим болуп иштеп жүргөн атасы Кирамат Камалов жалган жалаа менен камалып кетип, үй кожойкелик кызматты гана билген апасы чиедей алты бала менен калганын, бир тууган таежеси Саидова Мария, тажездеси ат-башылык Чытырбаев Жусупжан болгонун, алардын тун кызы Клара Жусупжанова, анын күйөөсү Кубат Жусубалиев деген жазуучу экенинен өйдө айтып отурганын угуп, ал тургай, Айгерим деген небереси Бишкекте “Обама” деген ресторанда иштерин да билгенине, эки кылымдын эшигин аттаган эжейибиздин акыл-эси дагы да туп-тунук бойдон экендигине таң калбай кое албадык. 40 жылдан ашуун мектептен калыптанып калган адатыбы, айтор Сажида эже ордунан тура албаса да, боюн түздөп, алдында кудум окуучулары отургандай бийик, ырааттуу үнү менен жердин аталышынан, адамдардын аты-фамилиясынан өйдө мына буларды айтып берди.
- Мен өзү башкыр кызымын, 1925-жылы 20-февралда Челябинск облусундагы Кунашак районундагы Коркино деген, Урал тоосунун күн чыгыш жагындагы башкыр айылында жарык дүйнөгө келген экенмин. 1897-жылы туулган атам Камалов Кирамат улам бир айылга көчүп мектеп куруп, мугалим болуп бала окуткан билимдүү адам эле. 1937-жылдагы репрессия апаатында “Эки жакка көп чыккан чыккынчы”деген жалаа жабылып, камалып кетти. Көрсө, атам мугалимдикти сырттан окуп жүрүптүр. Бейиши болгур атамды эки айдан кийин алыс алпарбай эле эски шахтанын жанында атып салышкан экен. Мунун баарын Сталин өлгөндөн кийин билдик.
Апам ошентип колунда чиедей алты баласы менен жардамдашар эч кимиси жок жесир калды. Баарыбыз анын колун караган кичинекей балдарбыз. Ошол отузунчу жылдар өзү опурталдуу мезгил экен эми ойлосом. Себеби 30-жылдардын башында “кулак куйрук” деп баш көтөргөндөрдүн баарын Украинага айдашкан. Менин таекелерим да Орто Азияда бир карындашы менен cүргүндө жүрүшүптүр. Кийин апам тууралуу угуп калышат. Учурашканы келген сиңдисине апам: “атасы эки эркектен кийин көргөн ушул кызын өзгөчө эркелетип жакшы көрчү эле, ала кетип жер көрсөтүп, сергитип бир жылдан кийин кайра жибер” деп кошуп жиберет. Бул 1938-жыл эле. Ошентип мен Кыргызстанга келип калдым. Бухгалтердик билими бар таежем Ат-Башыда кооперативде бухгалтер болуп иштечү экен. Өзү өңдүү-түстүү, билимдүү кыз эле, көп өтпөй Чытырбаев Жусупжан деген жигит экөө бири-бирин жактырып үйлөнүп калышат. Мен алардын колунда эки жыл жашап калдым. Жаш аялмет эжем менин жардамыма муктаж болдубу, анүстүнө, өзү да туугандарынан алыс жүрсө, айтор мени кайра кетиргиси келчү эмес.
Кыргыз класстарга орус тилин окуткан алгачкы агартуучу
-1940-жыл болсо керек кыязы, бир күнү эжемдердикине педтехникумда мугалим болуп иштеген Тыныбеков деген киши келип, мени ал жакка окууга чакырып калды. Мен ал кезде Ат-Башыда орус класста окуп жүргөм. Жыл сайын Мактоо баракчаларын алып, тырышып окучумун. Менин окууга дилгирлигимди колдошуп, борбор калаадагы техникумда жаңы ачылып жаткан атайын бөлүмүнө окууга жиберишти.
Мен 2-курс болуп калганда, батыштан апаат согуш башталып, мен окуган окуу жайды тез эле Пржевальскиге которуп жиберишти. Окуу жайым менен кошо мен да кеттим аякка. Мен 1-курсту аяктап келгиче таежемдер Кемин районундагы Чым-Коргон колхозуна которулуп, жездем андан ары фронтко кетиптир. Таежем экинчи кызын төрөп калган экен, “заман бул болуп атса, кетпей эле кой, андан көрө балдарды багышып жанымда бол” деп кыйылды. Мен окууну ойлоп, ичим ачышып: “эже, менин окуум аяктаарына деле бир эле жыл калды, чоңураагын мага бериңиз, өзүм менен кошо ала кетип багайын” дедим. Ошондо жаш болсом да ошондой акыл чыкканына эми ойлоп таң калам. Башка аргасы жок таежем бул сунушума макул болду.
Колумда диплом, колтугумда таежемдин кызы…
Ошентип кызды жетелеп жүрүп окуумду ийгиликтүү аяктап, документти чөнтөккө салып алып, Чым-Коргонго келсем, таэжем ордунда жок. Согуш маалы эмес беле… Сураштырсам, тоонун этегинде Кызыл-Суу деген колхоз бар, ошол жакка которуп жибердик дешти. Жайдын саратаны. Баягы кызды аркама көтөрүп алып, документтеримди колтугума кысып алып, “кайдасың Кызыл-Суу?” деп жөнөп калдым. Бийиктиги аштык айдаган токойдой куурайларды аралап жалгыз аяк жол менен жөө-жалаңдап келатам. Кийин ошол куурайларды окуучуларга чаптырышып, боолоп-боолоп кышкыга отунга чогултушканда, арасынан толтура жыландар чыкпадыбы…
Таежемдин аркасынан мен да ушул Кызыл-Сууга келип мугалим болуп иштеп калдым. Мугалимдер жок, тартыш кез, өзүм орус тилден да, математикадан да сабак берчүмүн.
Ызгаарлуу күндөрдүн биринде таежемди алып кетмей болуп бир солдат келди. Көрсө, согушта жүргөн тажездем Харьковдо которулуп, үй-бүлөмдү алып кел деп атайын бир солдатты жибериптир. Тарых барактарынан кийин окуп калсаңар керек, согуш маалында ал шаарды бир немистер басып алып, бир Кызыл Армия бошотуп, айтор опурталдуу абалда болчу. Мен баргандан айнып, калып калдым. Анын үстүнө жаз чыкса эле төркүнүмө кетем деген оюм бар болчу. Себеби, эки агамды эл душманынын балдары деп согушка алышпай, алар батыштан эвакуацияланган машина куруу, авиа ж.б. заводддордо иштеп жүрүшкөн. Күн жылыса, агаларым жолума акча салышса эле кетем деп камынып жүргөн элем. Бирок андай болгон жок, мен иштеп жүргөн мектептин директору Садыралиев Абакир деген киши эле, ал ошол кезде аялы менен ажырашып жүргөн кези го, айтор, экөөбүз табышып, тагдырдын буйругу менен баш кошуп, чогуу жашап калдык…
Мен азыр отурган жерде чалым экөөбүз салган тамыбыз бар эле. Экөөбүз үйлөнгөндө Абакирдин бересесинен башка аласасы жок эле. Атасы, бир тууганы каза болгондо карызга мал алып союптур. Экөөбүз бир жыл иштеп тапкан акчабызды карыздарга таратып жүрдүк. Баш аягыбызды жыйган соң ылайды жууруп-жууруп эле эки бөлмө там салып алдык. Кийин улам-улам бир бөлмөдөн кошулуп атты, балдарыбыздын саны да көбөйө берди…
Абакир экөөбүз эң бактылуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Абакир Садыралиев 1958-жылдан 1978-жылга чейин мектеп директору болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан, бейиши болгурумдун өмүрү мага караганда кыска экен, 62 жашында каза болду. Мага минтип жаратканым 90дон ашык жаш буюрган тура…
Бишкектин биринчи мэринин энесимин
Мен өзүм 1943-жылда мугалим болуп ушул мектепке кирдим эле, 1984-жылга чейин бир мектепте иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыктым. Уулум Абакиров Төрөбек мединститутту аяктап, стоматолог болду. Өмүрбек политехникалык институтта окуган соң курулуш тармагында иштеп жүрдү. Бишкек шаары болуп жаңы аталганда биринчи мэри болгон дешет. Экөөнө жаратканым өмүр жашты ченеп бериптир, эрте кайтыш болушту. Андан кийинки балам Абакиров Темирдин кесиби ветеринардык врач. Келиним Тамара да көп жыл кыргыз тили жана адабиятынан мугалим болуп иштеп жүрүп, эс алууга чыгып азыр мени багат. 90дон ашкан мага ушул келинимдин колунан чайы буюрган экен, ыраазымын балдарыма. Ал эми жалгыз кызым Абакирова Калича Беловодскиде жашайт, өзү 1975-жылдан бери ошол жакта врач болуп иштейт, анын жолдошу эмгек сиңирген мугалим деген наам алган мугалим. Андан кийин Төлөгөн балам бар эле, аны кайнагам багып алган. Ал 25 жашында эле көк-бөрүдөн жыгылып кайтыш болуп калды. Абакиров Эркинбек деген уулум врач онколог, Бишкекте иштейт. Эң кичүү уулум Абакиров Калыгул да врач. Эки жылдан бери Россияда иштеп жүрөт. Жаратканым сүйүнтүп берип, күйүнтүп алып кеткендерден калгандарына өмүр берсе экен деп тилеп отурам-деп карыя агартуучу өзүнүн Урал тоосунан башталып, Ала-Тоонун этегинде өтүп жаткан өмүрүнө шүгүрчүлүгүн айтып, эл-журтуна, балдарына ак батасын берип отурду. Мугалим кайненесин баккан мугалим келини, КР Эл агартуусунун отличниги, Эне даңкы медалынын ээси Тамара Кененбаева да 30 жылга жакын агартуучулук ак кызмат өтөп, учурда ардактуу эс алууда.
-35 жылдан бери апамды карайбыз. Жолдошум Темирбек да жогорку билимдүү, ветврач, союз тарагандан кийин жеке чарба иштетет. Экөөбүздүн ортобузда беш кыз, эки эркегибиз бар. Кыздарым турмуш курушуп, сегиз жээн неберелүү болдук. Апабыз акыркы 10 жылдан бери эле төркүнүнө барбай калды, ага чейин улам бир уулу менен үзгүлтүксүз каттап турчу. Бир туугандары да келип-кетип турушат. Үч-төрт жыл мурда көзүнөн операция жасатып көрүүсү начарлап калды, болбосо ай сайын “Лиза” ж.б. журналдардагы кроссворд, баш катырмаларды чеччү. Өзү сөөгү таза, тамакты ылгап, режим менен ичкен, сергек жашаган адам, андыктан апабыздан көп жагынан үлгү алсак болот,-дейт келини Тамара эжей.
Оруктун катышуучусу, кезегинде Т.Кулатовдун колунан Ардак грамота алган, көптөгөн сыйлыктардын ээси, билим берүү майданынын ардактуу агартуучусу, ак баталуу Сажида Камаловага биз да бекем ден соолук каалап кетмекчибиз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер