«УНУТУЛБАЙТ ЭЧ КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!»

  • 07.05.2020
  • 0

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 3″д» классынын окуучулары Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ырларды көркөм айтышып, ата-энелерин, окуткан эжейлерин кубанычка бөлөштү.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Окуучулары жиберген видеолорго класс жетекчиси Гүлүмкан Асанкадырова да ыраазы экенин айтат.
— Класстагы балдар-кыздар 9-май Жеңиш күнүнө арнап, аталардын эрдигин даңазалаган ырларды көркөм айтып жөнөтүшүптүр, — дейт Гүлүмкан эжей.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Аталардын эрдигин даңкташкан балдар-кыздардын аттарын атай кетели. Алар — Акмарал, Малика, Альберт, Раяна, Нурзада, Дөөлөтбек, Манас, Абай, Лунара, Айжан, Арууке, Чынара жана Назия.
Төмөндө балдардын көркөм айтуусундагы айрым ырларга орун берели.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Тыптынч жаткан элиме,
Душман келип кол салды.
Бейпил жаткан жеримде,
Кандуу согуш башталды.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Узатышты ыйлап-сыздап энелер,
Уулдарын көз-жаш менен өлүмгө.
Курман болду, баатыр болду нечендер,
Жашасын деп бизди ушул өмүргө.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Кандуу согушка апалар да барышкан,
Өмүрлөрүн тобокелге салышкан.
Жолборс жүрөк жоокерлердин,
Жарааттарын таңышкан.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Танк алдына тайманбастан барышкан,
Эл-жер үчүн душман менен атышкан.
Эч тайманбай биздин баатыр аталар,
Элибизге Жеңиш менен кайтышкан.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Бакыт алып келген күн,

Фашисттерди жеңген күн.

Желбиретип желекти,

Жергебизге келген күн.

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Ушул күнү дүйнөдө,

Улуу тынчтык орногон.

Унутулбайт эч качан,

Уулу жерин коргогон!

"УНУТУЛБАЙТ  ЭЧ  КАЧАН УУЛУ ЖЕРИН КОРГОГОН!"

Кыргын салып согушта,

Кызыл аскер жеңди деп.

Кылкылдаган майрамда,

Кызыл туулар желбиреп.

 

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер