УНУТТА КАЛГАН ИНСАН
- 26.02.2019
- 0
1937-жылы бир катар кыргыз интеллигенциясы менен кошо “эл душманы” аталып атууга кеткен Данаке Имановдун аты көп жерде аталбай, ал тургай былтыр ата-бабаларды эскерүү жылында 120 жылдык мааракеси республикалык тургай облустук деңгээлде белгиленбей калганына нааразы болгон неберелери биздин редакцияга кайрылышты.
Небереси Роза Иманованын айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2018-жылы өткөрүлө турган мааракелик иш-чараларынын долбооруна Данаке Имановдун 120 жылдыгын белгилөө киргизилген. Бирок эмнегедир былтыр өткөрүлгөн иш-чаралардын катарында болгон жок.
- Биздин чоң атабыз Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев сыяктуу ошол кездеги бир ууч кыргыз интеллигенттери менен чогуу жүргөн, чогуу мамлекеттик кызматтарда иштеген, керек болсо репрессияга чогуу кабылып, алар менен чогуу атылган адам болгон. Бирок чоң атабыздын аты көп жерден унутулуп, ал тургай мамлекет тарабынан эскерилбей калганы бизди абдан өкүндүрүп жатат, — дейт Роза Иманова.
Данаке Иманов ким болгон?
Данаке Иманов 1898-жылы Ысык-Көлдүн Каракол уездинин Жети-Өгүз болуштугунда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал үч жылча молдодон арабча окуп-жазганды үйрөнгөндөн кийин 1913-жылы Пржевальскийдеги орус-тузем мектебинен билим алып жүргөн кезде Үркүн болуп, эл менен кошо Кытайга барып, 1917-жылы кайтып келет. 1918-жылы Түркстандын Коммунисттик партиясына мүчө болуп кирет. 1919-1920-жылдары Кызыл армияда кызмат өтөп, Кетмен-Төбөдөгү жана Таластагы Кызыл баш жана Карабаш аттуу басмачылардын тобун жок кылууга катышкан. 1920-жылы Алма-Ата шаарындагы батрактардын облустук бюросунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Уезддик комитетинин үгүт-насаатчылар курсунан билим алган соң партиялык курулуш боюнча агитатор жана уюштуруучу, көп өтпөй Түндүк Жети-Суу фронтунун 3-чыгыш полкунун өзгөчө эскадронунун саясый жетекчиси болуп дайындалат. Кийин атайын жолдомо менен Ташкентке окууга барып, саясый билимин дагы жогорулатат. Ал Ташкентте жүргөндө Эшенаалы Арабаев, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов ж.б. менен бирге 1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте жарык көргөн кыргыздын туңгуч басылмасы “Эркин-Тоо” гезитинин чыгышына жардам берген. Данаке Иманов өз кезегинде Алматы, Кокон, Пишпек, Ош шаарларында “Кошчу” союздарын жетектеген, 1925-1926-жылдары Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинен билим алгандан кийин Кыргыз ССРинин саясий агартуу башкармалыгынын жана облустук эл агартуу бөлүмүнүн төрагасы, 1929-1934-жылдары Коммунисттик жаштар мектебинин жана Кыргыз колхоз техникумунун (кийин Айыл чарба институту) директору, 1935-жылдан 1937-жылдын апрелине чейин Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин төрагасы кызматтарында иштеген. 1937-жылдын 16-августунда “эл душманы” деген жалган жалаа менен камалып, НКВДнын тройкасы 1938-жылдын 10-февралында атуу чечимин чыгарган. Ал эми Түркстан аскер округунун аскер трибуналарынын 1956-жылдагы аныктамасы менен козголгон кылмыш ишинде кылмыштын белгилери жоктугунан токтотулуп, 1995-жылы толук акталган.
Кытайдан элди кайрып келген
1916-жылдагы Үркүндө Д.Имановдун үй-бүлөсү дагы эл менен кошо Кытайга кетет. Ал жактан өзүнүн билиминин тереңдиги менен кытайлыктарга туткунга түшкөн атактуу “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Павловия Маречекти куткарууга көмөк көрсөтөт. Ошол эле учурда Совет өкмөтүнүн орногонун жар салып, элди кайра мекенине кайтарууга Марачек экөө көптөгөн мээнет жумшашат. Маречек өз эскерүүлөрүндө: “Мен 1918-жылы Кытайдагы качкын кыргыздарды мекенине кайра кайтарып алып келүү үчүн атайын тапшырма менен Үч-Турпанга барганымда ал шаардын доотайы мени чет элдик тыңчы деген ой менен зынданга салган. Бир айча отургандан кийин бир күнү шаарга алдырып чыгып, арткан-үрткөн тамак-аш менен жан бактырды. Базар кыдырып жүргөндө атактуу француз саякатчысы Мартен менин европалык экенимди байкап калып шаар башчысына кайрылса тил билбейт. Анан жаңы кыргыз жигитин таап келишти. Ал 4-5 тил билет экен. Аты-жөнү Данаке Иманов болуп чыкты. Анын тилмечтиги менен мен зындандан кутулганмын. Ошондон кийин ал эң жакын адамым болуп калды. Ал экөөбүз 1916-жылы Үркүндө Кытайга барып эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн 20дан ашык кыргыз бүлөнү мурдагы эл-жерине көчүрүп келгенбиз”, — деп жазган.
Д.Иманов дал ушул Р.Маречектин сунушу менен 1918-жылы Түркстандын Коммунисттик партиясына мүчө болуп кирген.
Өз айылынын алгачкы агартуучусу
Данаке Иманов кыргыз жергесине, айрыкча өзүнүн айылына биринчилерден болуп мектеп салдырууга салым кошуп, элди агартуучулукка үндөгөн. 1920-жылы түптөп, 1924-жылы пайдаланууга берилген Жети-Өгүз айылынын мектеби быйыл 100 жылдыгын белгилөө алдында турат. Данаке Иманов 1925-жылы Москвадагы коммунисттик университетинен билим алгандан кийин 1926-жылы Кыргыз АССРинин саясий агартуу башкармалыгынын жана облустук эл агартуу бөлүмүнүн төрагасы болуп бекитилет. Анын ошол кездеги кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы — эң биринчи кыргыз киносу саналган “Жабык араба” фильминин кыргыз жергесинде тартылышында жана биринчи кыргыз актрисасы Айша Түмөнбаеванын башкы каарманды аткарып калышында. Д.Иманов бул кинонун сценарийинин жазылышынан баштап тартылып бүтүшүнө чейин башында болуп, керек болсо кино тартып жаткан топ менен бирге жүргөн. Кинонун бир бөлүгү дагы ал туулуп-өскөн Жети-Өгүз капчыгайында тартылган.
Д.Иманов жаңы алфавитти түзүүгө, башкача айтканда, араб арибинен латын арибине өтүүдө дагы чоң эмгек сиңирген. Ал бир эле учурда партиянын мектептерине окуу куралдарын которуп, “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы сандарынын чыгарылышына жардам берген. Ал тургай азыркы Сркябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алгачкы жетекчиси болуп да саналат. Ал 1932-1934-жылдары Кырколхозтехникумунун директору болуп турган.
Репрессиянын курмандыгы
Данаке Иманов жогоруда айтылгандай, 1937-жылы “эл душманы” деген жалган жалаа менен камалып, атууга кеткен. Бирок ушул күнгө чейин балдары, неберелери анын атылгандыгын же атылбагандыгын, эгер атылса сөөгү кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келишет.
- 90-жылдары Чоң-Таштан табылган репрессия курмандыктарынын тизмесин радиодон айтып жатканда өз кулагым менен Иманов Данаке дегенди уккам. Атама сүйүнчүлөп, бир чети кайгырсак, бир чети чоң атамдын сөөгү табылганына абдан кубанганбыз. Бирок тилекке каршы, алгачкы 138 адамдын сөөгү табылды деген маалымат кийин кайра 137 болуп айтылып, бирөө кемип калды. Ошол тизмеден чыгып калган биздин чоң атабыз болуп чыкты. Атамдын, бир туугандарыбыздын, менин барбаган жерибиз, сурабаган мекеме-уюм калбады. Эмне себептен кийин 137 болуп бир кишиге кемип калганына эмдигиче түшүнө албайм. Кыргыздын чыгаан карлыгачтары менен бир катарда бирдей ийиндешип иштешип, бирдей жалаага кабылып, “эл душманы” катарында бир убакта бир абакка камалып, бирок жалпы тизмеден чыгып “өлүү десе көрдө жок, тирүү десе жерде жок, же тизмеде жок” болуп, эмдигиче дайыны табылбай жатканы бизди өкүндүрөт. Былтыр атабыздын 120 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өтсө деп тиледик элек. Бирок тилекке каршы, мамлекеттик эмес облустук деңгээлде да өтпөй калды, — дейт Роза Иманова.
Данаке Иманов Улуу октябрь социалисттик революциясы жеңгенден кийин элдик бийликке келген большевиктердин коммунисттик партиясына жан дили менен берилип, уулунун атын жолбашчылар: Эгельс-Маркс-Ильич-Сталиндин баш тамгаларын чогултуп Эмис деп койгон экен. Ушул уулу архивдерге кирип, ар кайсы жактан маалыматтарды чогултуп, көзүнүн тирүүсүндө атасы тууралуу болгон маалыматтарды топтоп калтырып кетүүгө аракет жасаган. Эми болсо атасынын мурасын кызы улантып, чоң атасынын дайынын табууга, анын аты мамлекеттик деңгээлде аталышына болгон аракетин жумшап келет. Бирок алардын колунда репрессия курмандыктары акталгандан кийин тийген Д.Иманов 1944-жылы 19-сентябрда оорудан улам көз жумган деген кагаздан башка эч нерсе жок. Бирок балдары бул маалыматтын аныктыгынан күмөн санап жаткандарын жана ал бардык репрессия курмандыктары менен бирге 1938-жылдын 5-ноябрында атылгандыгын айтышууда.
- Себеби ал учурда сталиндик репрессиянын курмандыктарынын масштабын жашыруу үчүн ушундай тактика абдан жакшы колдонулган экен. Болбосо мен радиодон Чоң-Таштан табылгандардын арасында чоң атамдын дагы бар экендигин өз кулагым менен уккам, — дейт небереси Роза.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер