UNODC ЖАШТАР ФОРУМУНА КАТЫШУУЧУЛАРДЫ ТАНДОО СЫНАГЫНА АРЫЗДАР КАБЫЛ АЛЫНАТ
- 07.08.2023
- 0
2023-жылдын 20-августуна чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Жаштар демилгеси тарабынан уюштурулган, 2024-жылдын март айында Вена шаарында өтө турган Эл аралык жаштар форумуна катышуучуларды тандоо сынагына арыздар кабыл алынууда.
14-23 жаштагы адам, англис тилин билген, психоактивдүү (баңги) заттарды колдонуунун алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча иштелмеси бар, сергек жашоону пропагандалоо боюнча ар кандай иш-чаралардын активдүү катышуучусу, жаштардын көйгөйлөрүнө кызыккан жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Эл аралык жаштар форумунун ачык аянтында баяндама сунуштоого даяр жаштар сынакка катыша алышат.
Сынакка катышуу үчүн [email protected] электрондук дарегине арыз жазып, документтерди жөнөтүү керек:
— өмүр баян;
— резюме;
— психоактивдүү (баңги) заттарды колдонуунун алдын алуу же ден соолукту чыңдоо боюнча жасала турган жумуштар тууралуу ой-пикири, чыгармачыл идеяларын ишке ашыруу, жаңычылдык жана оригиналдуулук камтыган видео-презентация түрүндөгү визиттик карточкасы (3 мүнөткө чейин, сапаттуу);
— паспорттун/туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Шарттар менен кененирээк БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Эл аралык жаштар форумуна катышуучуларды тандоо жобосунан окуй аласыз — https://edu.gov.kg/announcements/280/
Комментарийлер