УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН ИШИ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН БААЛАНАТ

  • 28.02.2020
  • 0

Бишкек мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү шартында Кыргызстандын жогорку билим берүүсүнүн сапатын жогорулатуу маселелери» аттуу Билим берүү форуму болуп өттү. Форумдун алкагында билим берүүнү өнүктүрүүдө ааламдашуу жана санариптештирүүгө арналган актуалдуу маселелер; инновациялык санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери каралды.

Форумдагы дискуссиянын эӊ негизги идеясы ЖОЖдордо «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде электрондук иш кагаздарын жүгүртүү аркылуу башкаруу ишмердүүлүгүн трансформациялоо болду.

Министр Каныбек Исаков, билим берүү системасы бардык инновациялардын негизин түзөөрүн, ошондуктан республикабыздын азыркы экономикасынын прогрессивдүү өнүгүшү билим берүү секторундагы санариптештирүү процесстеринин эффективдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.

“Президент бүгүнкү күндө санариптештирүү маселеси республиканын экономикалык саясатында эӊ артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп жатат. Бул процессте билим берүү системасынын мааниси зор экенин жана адам капиталын толук кандуу колдонуу биринчи орунда турарын ачык көрсөтөт. Санариптештирүү — өзгөчө билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, ар тараптуу өнүктүрүүдө уникалдуу механизм болуп саналат. Ошондуктан азыр санариптик доордо жашоого, турмушка, кесипке жаӊы көндүмдөрдү пайда кылган окутуунун принципиалдуу жаӊы технологияларына өтүү зарыл”,-деди министр.

Исаков университеттер студенттердин талабын маданияттуу канааттандыра албай жатканын айтып, аларга болгон мамилени жакшыртуу керектигин

белгиледи. Ошондой эле ректорлордун ишмердүүлүгү окуу жайга тарткан инвестиция, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу менен өлчөнөөрүн кошумчалады.

Соңунда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Иш чарага тиешелүү минстрликтердин, ведомстволордун, билим берүүнү башкаруу уюмдарынын, илим жана билим берүү ишмерлеринин, ЖОЖдордун ректорлорунун, коомдук уюмдардын 450дөн ашык өкүлү катышты.

Форум Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер