УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК ДЕБАТТЫК ТУРНИР ӨТТҮ

  • 29.03.2018
  • 0

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов жана коом» аттуу университеттер аралык дебаттык турнир  өткөрүлдү.

Оюнга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын, Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин  студенттери катышкан  40 спикерден турган 20 команда ат салышып, Ч.Айтматовдун  чыгармаларынын негизинде берилген резолюциялар боюнча талкуу жүргүзүштү. Мелдештин  жыйынтыгында 20 командадан финалдык оюнга төрт команда чыгып, анын негизинде 3-орунга “Дами и Жама” командасы – Бахтиярова Бегайым (БГУ), Сабырбеков Чолпонбек (КТУ “Манас”), 2-орунга – “Талант эмес аракет” командасы – Эгембердиева Руфина (БГУ), Жумамидинов Кубан (АГУП КР) ээ болушса, “СПФ — 2018”  кубогуна жеңүүчүлөр  – Мустапакулова Дильфуза  (КМУ), Абдылдаева Зулайка (БГУ) “Коркунуч ханышалары” командасы татыктуу боло алышты. Оюн жүрүшүн адилеттүү калыс таразалагандыгы үчүн КТУ “Манастын” студенти Темирболотова Эркайым “Мыкты сот” наамына ээ болду. Ой-жүгүртүүсүндөгү өзгөчөлүгү жана ораторлук чеберчилиги менен айырмаланган БГУнун студенти Элтуран Өмүрзаков “Мыкты спикер” наамына татыктуулугун көрсөттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер