«УНИВЕРСИТЕТ» ВОЛЕЙБОЛ КЛУБУ КЫРГЫЗСТАН ЧЕМПИОНАТЫНДА АЛДЫДА

  • 14.03.2022
  • 0

ОшМУнун «Университет» волейбол клубу Бишкек шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Кыргызстан чемпионатында беттешүүлөрү өткөрүп жатат. Учурда ОшМУнун командасы Улуттук лигада оюн өткөрүп жаткан сегиз команданын ичинен 2-орунда. Бул тууралуу команданын жетекчиси Бакытбек Кулуев билдирди.

«УНИВЕРСИТЕТ» ВОЛЕЙБОЛ КЛУБУ КЫРГЫЗСТАН ЧЕМПИОНАТЫНДА АЛДЫДА

Буга чейин ректор  Кудайберди Кожобеков ОшМУнун «Университет» волейбол клубуна легионер катары оюн көрсөтүүгө келген  Орусиянын  Екатеринбург шаарынын волейбол мектебинин тарбиялануучулары  Щадских Глеб жана Шишковский Ильяны кабыл алган.  Жолугушууда спортчулар менен  эмгек келишимдери түзүлүп, мындан ары кызматташтыктарды бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Волейбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын Улуттук лигасындагы мелдеш 18-мартка чейин уланат. Улуттук лиганын үчүнчү айлампасы май айында өтөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер