Университет аралык кызматташтык

  • 17.03.2025
  • 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович баштаган делегация  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болушту.
Университет аралык кызматташтык
Ош шаарынан барган конокторду Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Университет аралык кызматташтык
Окуу жай жетекчилери эки университетте болуп жаткан жаңылануулар, өзгөрүүлөр тууралуу маалымат алмашып, билим берүү, илим изилдөө багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жандандырууну талкуулашты. Ошондой эле ЖАМУнун жетекчилиги Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жаңыдан ачылган эл аралык медицина факультетинин ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Университет аралык кызматташтык
Соңунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Эл аралык статус алгандыгына байланыштуу Жалал-Абад мамлекеттик университети менен түзүлгөн келишим жаңыланып, ага ылайык аталган окуу жайлардын жетекчилери эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.
Иш сапардын экинчи бөлүгүндө ЖАМУнун жаңыдан ишке берилген телестудиясына, медициналык факультетине тажрыйба алмашуу максатында саякат уюштурулду.
Университет аралык кызматташтык
Белгилей кетсек, буга чейин эки тараптуу келишимге ылайык, эки окуу жайдын ортосунда достук мамилени бекемдөө максатында спорттун бир нече түрлөрү боюнча мугалимдердин жана студенттердин ортосунда достук беттештери өткөрүлүп, профессор агай-эжекелер конок лекцияларды өтүп келишкен.
Бөлүшүү

Комментарийлер