УЛУУЛАР МЕНЕН ЖАШТАРДЫ ЖАНАШТЫРГАН ТИЛ МАЙРАМЫ

  • 24.09.2021
  • 0

Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгы Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинде жогорку деңгээлде белгиленди.

Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери «Манас» жаштар уюму менен биргеликте мамлекеттик тил күнүнө карата тарбиялык сааттарды өтүштү.
Майрамдык иш-чараларды жыйынтыктоо иретинде жалпы мектеп окуучуларынын катышуусунда адабий-музыкалык кече уюштурулуп, анда «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, ыр-күүлөр жаңырды.

УЛУУЛАР МЕНЕН ЖАШТАРДЫ ЖАНАШТЫРГАН ТИЛ МАЙРАМЫ

Эне тил майрамы катышуучулардын  пикиринде ары пайдалуу, ары таасирдүү болду.

Замира Атакулова, Кара-Суу району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер