УЛУУ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАП

  • 01.05.2020
  • 0

Кандай кырдаал болбосун Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун иши өз нугунда өтөт жана өтүп жатат. Мугалимдер жамааты аралыктагы сабактарды өтүп, иштерин улантууда. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Аталардын эрдигине таазим”, “Жеңиш үчүн аталарга рахмат!” аттуу бир нече акциялар өтүүдө.

«Сейтек» борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын берген маалыматына таянсак, аталардын эрдигин, тылдагы апалардын эмгегин даңктап, сүрөт боюнча “Сейтек” борборунун окуучуларынын арасында онлайн-конкурс жарыяланып, 200дөн ашуун сүрөт чогулду.

— Сынактын жыйынтыгы карантин бүткөндөн кийин “Сейтек” борборунда чыгарылат. Бул жерде балдардын өтө кызыгуусу көрүнөт. Ошондой эле жыйынтык “Сейтек” борборунун фейсбук баракчасына, сайтына жайгаштырылат. Борбордун “Ак Шоола” хору өзүлөрүнүн балдарынын арасында жарыялаган патриоттук, хордун репертуарындагы ырларды аткаруу боюнча сынак өтүп жатат. Сынактын акыркы турунда ата-энелер менен кошо окуучулардын ырларды аткаруусу, үй-бүлөнүн патриоттуулугу, өтө чыгармачыл экендиктери көрүнүп турат, — дейт орун басар.

Карантин убагында онлайн сабактардан тышкары, мектептен тышкары билим берүүчү, жалпы эле билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында жеке аткаруучулук боюнча, согуш убагындагы, Ата мекен, жер жөнүндө патриоттук темадагы ырлар боюнча аралыктагы сынак жарыяланган. Сынактын мөнөтү 2020-жылдын 5-майына чейин. Каалочулардан видеолор келип түшүүдө, бул сынак улантылып жатат.

— Аталган сынакка катышуучулардын дагы саны арбын. Бул сынактын жыйынтыгын  карантин бүткөндөн кийин борбордон чыгарабыз. Андан кийин, бийчи таланттуу балдардын арасында «“Сейтек” үйдө бийлейт” аттуу бийчилердин марафону жарыяланган. Бул марафонго жалаң эле борбордун бийчилери катышпастан, Токмок, Бишкек шаарларынын, дегеле республиканын булуң-бурчунан видеолор келип жатат. Баардык катышуучуларга рахмат айтабыз, — дейт И.Балтабаева.

29-апрелде “Бий күнүнө” жана Бишкек шаарынын 142 жылына карата видеолор көрсөтүлдү.

Борбордун таланттуу балдары ар дайым ар кандай фестиваль, сынактын катышуучулары болушканы жакшы маалым. Түркияда жылына өтүлүүчү “23 НИССАН” балдар күнүнө карата чоң фестваль, сынактар өтчү. Быйылкы жылы ал күндү белгиленгенине 100 жыл болуп, ар кайсы мамлекеттен онлайн куттуктоолор жиберилди.

— Кыргызстандын атынан биздин кызматкер Н.Намазбеков куттуктоо жиберип, Кыргызстандын желегин желбиретти. Быйылкы фестиваль “COVID 19” пандемия убагына туш келип, болбой калгандыгына байланыштуу, быйыл бара турган балдарга грамота куттуктоолор жиберилген. Ал “Ак Шоола” балдар хорунун окуучуларына жиберилип, аларга берилди.

Мындан тышкары Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын утурлап, дагы бир акция жарыяланып олтурат. Бул акция “Аталардын эрдигине таазим”, “Жеңиш үчүн аталарга рахмат” темасын камтыйт. Балдар үй-бүлөлөрү менен видеодо, аталардын, апалардын эрдиктерин айтып беришет. Ошондой эле тирүү калган ардагерлерин тактоо боюнча иш жүрүүдө. Алар боюнча дагы сүрөтү, бардык дареги менен салууну суранып жатабыз. Бардык онлайн-сынактар, акциялар “Сейтек” борборунун интернет баракчаларына, фейсбук, ошондой эле сайтыка жайгаштырылат, — дейт борбордун жетекчисинин орун басары.

Патриоттук тарбияны дагы тереңдетүү, аталардын, тылда эмгектенген апалардын эрдигин эскерүү, унутпоо үчүн муундан муунга өтүп турушу керектигин «Сейтек» борбору дайыма алгылыктуу иштерди өткөрүп келет.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер