УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ЭСТАФЕТА

  • 21.04.2020
  • 0

Кара-Көлдө Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Эч ким, эч нерсе унутулбайт!» аттуу эстафета старт алды.

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү баштаган бул эстафетаны энергетиктер шаарчасындагы 13 билим берүү мекемеси улантмакчы.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ЭСТАФЕТА

— Кандуу, каардуу согушту жеңгенбиз. Эми коронавирусту да ынтымакта, биримдикте болуп, тартипти бекем кармап жеңебиз, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

Азыр ошол эстафетада айтылган айрым ыр саптарына орун берсек:

Куттуу болсун Улуу Жеңиш майрамы,
Желбиресин дайым бийик байрагы.
Таазим этип, гүл коёлу эскерип,
Дайым күтөт, бизди ошол эстелик.

Күйгөн оттон, учкан октон жулунган,
Кан төгүлүп, кырчын өмүр кыйылган.
Келечекке бейпил турмуш тартуулап,
Беттешкен эчен адам жыгылган.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ЭСТАФЕТА

«Сактайм!» деп эр жигит сөзүн берген,
Мекен үчүн аянбастан жанын берген.
Кыз сүйөр гүлгүн курак кезинде,
«Алга!» деп мекен үчүн жанын берген.

Айтылбай сүйүү толгон сөздөр калган,
Каректе жаштык жанган көздөр калган.
Кырчындай өмүр менен кош айтышып,
Кылчайбай жигит кеткен аттиң арман!

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ЭСТАФЕТА

«Жеңишке жетебиз!» деп коюп максат,
Апалар аянбастан күчүн берген.
Тылдагы ачарчылык шайды оодарып,
Бул жеңиш азап менен бизге келген!

А. Алибеков, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер