УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ

  • 07.05.2024
  • 0

7-майда борборубуздун Свердлов районуна караштуу №94 мектебинин башталгыч класстарында Улуу Жеңишке арналган тарбиялык сааттар өтүлдү.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ

Бул күнү 1-класстарынын мугалимдери Абдыласова Сүйөркан «Тынчтык керек», Мурзабекова Гүлжан «9-май – Улуу Жеңиш күнү», Байзакова Жайнагүл  «Жашасын Улуу Жеңиш» деген темада класстык сааттарды жогорку деңгээлде өтүштү.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ

Окуучулар Жеңиш жөнүндө ырларды көркөм айтып, патриоттук бийлерден  бийлеп беришти. Мектеп администрациясы балдарды Ата Мекенин көздүн карегиндей сактоого чакырып, мугалимдерге ийгилик каалашты. Катышкан ата-энелер ыраазы болуп кетишти.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ

Буайша НАЗАРБЕКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер