МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ ҮРКҮНДҮН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭСКЕРҮҮГӨ КАТЫШТЫ

  • 10.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышып, каргашалуу окуяда каза болгон мекендештердин жаркын элесине таазим кылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик катчы Үркүндү кыргыз элинин тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири жана улуттук эс тутумдун ажырагыс бөлүгү катары белгилеп, каза болгондорду эскерүү өткөнгө өч алуу эмес, тарыхый чындыкты сактоо, ата-бабалардын басып өткөн жолун терең түшүнүү жана келечек муундардын алдында жоопкерчиликти сезүү өзгөчө мааниге ээ экендигине токтолду.  МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ ҮРКҮНДҮН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭСКЕРҮҮГӨ КАТЫШТЫАрслан Койчиев өз сөзүндө 1916-жылдагы окуялар элдин эркиндикке, ар-намыска жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө болгон умтулуусун чыңдап, бүгүнкү эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхый пайдубалынын калыптанышына өбөлгө түзгөнүн айтты. Ошондой эле Кызыл-Дыйкандагы жана «Ата-Бейиттеги» иш-чаралардын тарыхый эс тутумду сактоодогу ордуна токтолуп, Үркүндө курман болгон мекендештердин элеси элдин жүрөгүндө гана эмес, мамлекеттин эсинде жана абийиринде да түбөлүк сакталышы зарылдыгын баса белгиледи. Ал Үркүндүн тарыхын илимий негизде ар тараптуу изилдеп, анын сабактарын кийинки муундарга жеткирүү менен катар, мындай трагедиялардын кайталанышына жол бербөө, эгемендүүлүктү бекемдөө, элдин биримдигин жана коомдогу тынчтыкты сактоону ар бир жарандын ыйык милдети катары баалоого чакырды. Мамлекеттик катчы Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясат өлкөнүн көз карандысыздыгын чыңдоого, улуттук биримдикти бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталганын айтып, Үркүндө курман болгон мекендештердин жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталаарына ишеним билдирди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер