Кыргыз-өзбек достугун жаштар улантат

  • 10.08.2026
  • 0

Бүгүн, 10-августта Бишкекте Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форуму өттү. «Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!» деген ураан алдында уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Төраганын орун басары Медер Алиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, эки өлкөнүн жаш парламентарийлери, эксперттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз-өзбек достугун жаштар улантатФорумда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий байланыштар эки элдин кызматташтыгын чыңдоодо бекем негиз болуп келгенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары эки мамлекеттин жетекчилеринин саясий эркинин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп, парламенттер аралык кызматташтык да кыйла жанданды.

Кыргыз-өзбек достугун жаштар улантат Кыргыз-өзбек достугун жаштар улантат

Төрага жетишилген ийгиликтерди жаш муунга өткөрүп берүү, эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук байланышты конкреттүү демилгелер аркылуу бекемдөө маанилүү экенин белгилеп, жаш парламентарийлердин кызматташтыгы бир жолку иш-чаралар менен чектелбестен, туруктуу негизде улантылышы зарылдыгын айтты.

Кыргыз-өзбек достугун жаштар улантатОшондой эле ал жаштар мамлекеттин келечеги гана эмес, бүгүнкү өнүгүүнүн да активдүү катышуучулары экенине токтолуп, алардын пикирин мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессинде эске алуу демократиялык институттарга болгон ишенимди бекемдей турганын белгиледи.

Кыргыз-өзбек достугун жаштар улантат Форумдун алкагында жаш парламентарийлердин өз ара кызматташтыгын кеңейтүү, жаштардын коомдук-саясий процесстердеги ролун күчөтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар туруктуу диалогду улантуу жана тажрыйба алмашууну мындан ары да өнүктүрүү боюнча бирдиктүү пикирге келишти.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер