199 ТРЕНЕР МУГАЛИМ ОКУУДАН ӨТҮҮДӨ
- 10.08.2026
- 0
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда 2026-2027-окуу жылына карата Тренерлерди окутуу программасынын алкагында «Математика жана табигый илимий предметтерди окутуудагы жаңы багыттар» аттуу төрт күндүк масштабдуу тренинг өз ишин баштады. 10-13-август күндөрү өтүлө турган бул окутуунун негизги максаты — так жана табигый илимдер боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, заманбап методикаларды иш жүзүндө колдонуу жана мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу болуп саналат.
Иш-чарага республикабыздын аймактарынан, атап айтканда Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй областтарынан жана Бишкек шаарынан келген 199 тренер агай-эжейлер катышууда. Окутуудан өткөн мугалимдер алдыңкы тажрыйбаларды жана жаңы усулдарды өз аймактарындагы мектептерге жайылтуу милдетин аткарышат. Тренингди жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн институттун методисттеринен тышкары Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин тажрыйбалуу адистери тартылып, катышуучуларга жаңы окуу программалары, окуу-методикалык комплекстер жана инновациялык педагогикалык технологиялар боюнча практикалык сабактар өтүлүүдө.
Буга чейин 4-7-август күндөрү Түштүк аймагынын мугалимдери үчүн Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында жаңы 2026-2027-окуу жылына карата даярдык көрүү боюнча методикалык семинар өткөн. Бул окутууга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан жалпы 256 тренер катышып методикалык даярдыктан өтүшкөн.
А.К., «КБ»







Комментарийлер