УЛУУ ЖЕӉИШКЕ 78 ЖЫЛ

  • 04.05.2023
  • 0

№ 2 жалпы орто билим берүү мектебинде Улуу Жеӊиштин 78 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

УЛУУ ЖЕӉИШКЕ 78 ЖЫЛ

 

Мындай салтанат жыл сайын окуучуларды адеп-ахлакка, мекенчилдикке тарбиялоо максатында, согуштун жана тылдагы эмгектин ардагеринин, шаардык жана райондук ардагерлер кеӊешинин башчыларынын, мектептин эмгек жамаатынын катышуусунда өткөрүлүп келет.

Коноктор мектептеги Советтер союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы аскердик күжүрмөн музейинде мугалимдер жана окуучулар менен согуш темасында кызыктуу маек куруп, Улуу ата мекендик согуштун башталышы, кыргызстандык жоокерлердин эстен кеткис эрдиктери, тылдагы эмгекчилердин жетишкендиктери, жалпы билим берүү уюмдарында «Улуу жеништин мураскорлору» командасы тууралуу сөз кылышты.

Эмгектин ардагери,  эстеликтерди сактоо комиссиясинын башчысы 76 жаштагы Калбубу Менсейитова согушка ар бир үйдөн  төрттөн киши согушка аттанса, канчалаган адам кайра мекенине кайтпай, канчасы майып болуп калганын айтып, 75жылдан бери тынчтыкта жашап жатканыбыз чоң жеңиш экендигин баса белгилеп өттү. Кыргызстанда бүгүнкү күнү кыркка жакын согуштун ардагери калганын, алардын мекен үчүн жасаган эрдиктери унутулбашы үчүн  келечек муунга өзгөчө көңүл бөлүп, балдар башка түшүнүктө болбоосу үчүн согуш тууралуу туура, так маалыматтарды айтып, иш-чараларды өткөрүп туруу керектигин билдирди.

УЛУУ ЖЕӉИШКЕ 78 ЖЫЛ

 

Мектеп директору Чынара Маразыкова конокторду Улуу майрамы менен куттуктап,  өз өмүрүн тобокелге салып, ата мекенин коргоо үчүн бел байлап, кандуу согушка аттанып өз мекенин коргогон ардактуу согуш ардагерлерине, тылдагы эмгектин ардагерине, күжүрмөн  коргоочуларды – афган ардагерин, азыркы кездеги шаардык жана райондук ардагерлер кеӊешинин башчылары жана курамына ыраазычылыгын билдирди.

УЛУУ ЖЕӉИШКЕ 78 ЖЫЛ

Ардагерлер жана коноктор үчүн «Улуу Жеӊиш күнүнүн 78 жылдыгына» арналган  концерттик программа даярдалып, видео-слайд аркылуу Улуу ата мекендик согуштун фрагменттери, ата мекенди коргоочулар жөнүндө маалыматтар берилди.

Окуучулар патриоттук темадагы ырларды ырдап, бийлеп, «эч ким, эч качан унутулбайт» аттуу чакан сценка көрсөтүштү.

 

Айгерим Токтобаева, “КУТ БИЛИМ”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер