УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ: УУЛУН КЫРК ЖЫЛ КҮТКӨН ЭНЕ

  • 09.05.2020
  • 0

Кырк жылы кабарсыз кетсем да,

Кыйкырып алдымдан чыгарым…

Акын Анатай Өмүркановдун бул эки сабы алдыдагы баянымды толук сүрөттөп тургандай… Анда эмесе сөз башынан болсун.

Ысык-Көлдүн жети акесинин кадырлуусу, акелердин акеси атыккан Карга бийдин Жаныбек аттуу уулунан Тынай, Тынайдан Толукбай, биз ысымын алып жүргөн Толукбай чоң атабыздын Жакып, Асаналы, Асанбек аттуу үч уулу болгон.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ: УУЛУН КЫРК ЖЫЛ КҮТКӨН ЭНЕКаргашалуу согуш башталганда биздин чоң атабыз Жакып пайгамбар жашына келип калган учуру болгондуктан оорукта калып, инилери Асаналы менен Асанбек кан майданга аттанышкан. Асаналы чоң ата аман-эсен кайтып келип, көп жылдар башкарма болуп иштеп жүрүп, дүйнөдөн өттү. Ал эми Асанбек чоң ата Фрунзе шаарында педагогикалык техникумду аяктаган соң, жалындап турган маалында 1939-жылы 10-октябрда Кызыл Армиянын катарында аскердик кызматын өтөөгө жөнөйт. Кайтар маалында калабалуу согуш башталып кетип, душмандардын эң биринчи соккусуна дуушар болуп, дайынсыз кеткен.

Айылдаш агасы, бир аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн Ыйманкожо аксакалдын айтымына караганда Асанбек чоң ата согуш башталар түнү нөөмөттө турган экен. Таңга маал күтүүсүздөн көктөн чабуул башталып, туш тарапка качышат. Жерге жарык кирип, айлана тынчтана түшкөндө аскерлерди кайрадан чогултканда экөө кездешкен экен. Экинчи ирет чабуул болгондон кийин көрбөй калдым деп эскерер эле дешет.

Архивдик материалдарга таянсак, кат 1941-жылы үзүлгөн экен. (Ийненин көзүндөй маалымат болсо да чогултуп, дайынын издеп жүргөн кезибиз).

Кыргыз Эл баатыры, Эл акыны С.Жусуев “Өмүрдө кыз кучактай элегимде, кучактап уктап жүрдү автоматты” деп сүрөттөгөндөй, күлгүндөй курагында өлүү-тирүүсү билинбей, максаттарынын эч бири ишке ашпай калганы кандай өкүнүчтүү. Максатынын күчтүүлүгүн мындан бил, комсомолдун катарына өтүү үчүн жашын эки жылга чоңойтуп, 1919-жылкы болуп, документ алган экен.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ: УУЛУН КЫРК ЖЫЛ КҮТКӨН ЭНЕ

Военкоматтын бул тизмесинде Асанбек 12 болуп турат.

Уулун аскерге сыймык менен узаткан Шакалай чоң эне (кичи чоң энебиз) өмүр бою жол карап калары ал учурда үч уктаса түшкө кирбеген чыгар. Эх, эне жүрөгү… Кара кагаз келбеген уулун кантип жамандыкка кыйып, кантип түңүлсүн. Акыркы демине чейин “Асанбегим” деп жүрүп кеткен  дешет. Ал түгүл жалгыз калбасын деп Асаналы чоң атанын балдары алып кетсе, ашып кетсе жарым кадам аралыкта турган үйүнө шашып, “Асанбегим келип калса үй бек болуп калбасын, мени таппай калбасын” деп безилдеп турчу экен.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ: УУЛУН КЫРК ЖЫЛ КҮТКӨН ЭНЕ

Архивдик бул кагазда Асанбектин дайынсыз кеткени жазылган.

Алтымышынчы жылдарды таяп, жалпы эл согушта дайыныз кеткендерге багыштап куран окутуп, түңүлүшкөн экен. Жалгыз эне түңүлбөй, уулун туура 40 жыл күтүп, 1979-жылы чын дүйнөгө сапар алыптыр.

Эрте өтүп кетсем уулумдун келгенин көрбөй калбайын деп, чымырканып 97 жашка жеткен чыгар. Эх, эне жүрөгү… Шакалай чоң эненин тагдыры дагы канча энеде кайталанды экен…

Тилегим эми андай тагдырлар кайталанбасын!

 

Саламат Толукбаев, Сезим Толукбаева

(Кошумча маалымат билгиси келгендер үчүн байланыш тел:  0703304229)

Бөлүшүү

Комментарийлер