УЛУУ ЖЕҢИШ УРПАКТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН

  • 06.05.2020
  • 0

Кемин районундагы билим берүү мекемелеринде жана бала бакчаларда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы адаттагыдай эле эң жогорку даярдыкта, ирээти менен аралыктан өткөрүлүүдө.

УЛУУ ЖЕҢИШ УРПАКТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагуль Тулебаева билдиргендей, кырдаалга ыңгайлаштырылып, аралыктан өткөрүлүп жаткан иш-чаралар мугалимдердин багыт берүүсү менен өтүп жатат. Ага ата-энелер да жигердүү катышууда.

— Улуу Ата мекендик согуш аяктаганына быйыл туура 75 жыл толду. Бул датага карата окуу жылынын башында түзүлгөн жана мерчемделген ар кыл тематикадагы класстык сааттар Power Point, VivaVideo, KineMaster жана башка программалардын жардамы менен видеотасма түрүндө даярдалып вотсап, Zoom, Classroom, Телеграм платформалары аркылуу окуучуларга жана башка социалдык желелерге жөнөтүлүп жатат. Анын максаты – Жеңиш каармандарын, алардын эрдиктерин өлбөс-өчпөс кылып унутпай эстеп жүрүү, муундан-муунга жеткирүү. Өзүңүздөр деле күбө болуп жатсаңыздар керек, 27-апрелден баштап окуучулар, мугалимдер “Аталардын эрдигин даңктайбыз!” аталыштагы согуш мезгилиндеги обондуу ырларды жана согуш темасына арналган ырлардын тексттерин көркөм окушууда. Бул акцияларда окуучуларга жакындан жардам берип колдоп, жигердүү катышып жаткан мугалимдердин жана ата-энелердин да эмгектерин белгилеп, ыраазычылык билдирип коюшубуз керек,-дейт Айнагуль Абдрашитовна.

УЛУУ ЖЕҢИШ УРПАКТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН

Ооба, Айнагуль Тулебаева белгилегендей, учурда Улуу Жеңишти, аны жараткан баатыр ата-бабаларыбыздын эрдигин даңктаган, алардын элестерине таазим эткен ар түрдүү иш чаралар өтүп жатканын социалдык тармактардан көрүүгө болот.

Окуучулар, бала бакчадагы бөбөктөр катышкан “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!” сүрөт, кол өнөрчүлүк онлайн-көргөзмөсүн, “Аскер ыры” ыр сынагын, согуш жылдарындагы атуулдук ырлардан түзүлгөн флешмобдорду көрүп, угуп толкунданасың, көзгө жаш аласың, сыймыктанасың… Жаш жеткинчектер кичинекей жүрөгү менен сезип, көкүрөгү менен туюп, жан дүйнөсүнө батырып, ошол сезимдерин биздин көзүбүзгө көрүнбөгөн бир сыйкырдуу учкундары аркылуу бизге жеткире ырдап жаткандарын көрүп, уучубуз куру эмес экендигине ынанасың, эртеңкиге үмүт байлайсың… Патриоттук-атуулдук тарбия үрөнүн сепкен өнөр өчпөсүн, жакшылыктын, Улуу Жеңиштин даңазалуу ыры гана жүрөгүбүздү толкундатып турсун дегиң келет…

 

 Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер