УЛУУ УСТАТ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ!

  • 07.03.2022
  • 0

5-мартта КУУнун жыйындар залында Ыйык Ата Журт коому тарабынан уюштурулган «Азыркы замандын мугалими кандай болуш керек?» деген темада мугалимдер үчүн семинар болуп өттү.

УЛУУ УСТАТ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ!

Семинарды «Устаттык өнөрү», «Акыл эмгегинин маданияты» ж.б. китептеринин автору, Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов агайыбыз алып барды. Зал жык толуп, катышуучулар агайдын сөзүн кол чаап колдоп турушту. Азыркы замандын мугалими кандай болушу керек деген суроого мугалимдер төмөнкүдөй жоопторду алышты:

✍️Кудай деп өз кесибин, балдарды сүйүү;
✍️Кесибин сүйгөндөрдү сүйө билүү;
✍️ Өз предметин өтө жогорку даражада мыкты билүү;
✍️Кээ бир мугалимдер өз предметин билбегендигин билбейт жана БИЛБЕГЕНДИГИН БИЛИП ТУРУП БИЛГИСИ КЕЛБЕГЕН МУГАЛИМДЕР БАР!☝️

УЛУУ УСТАТ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ!

✍️ Үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө дилгир болуу:
а). Өзүнө ишенгендик;
б). Кичипейилдик;
✍️ Өз предмети боюнча терең кругозорго ээ болуу;
✍️ Өз көз карашына, «почеркине» ээ болуу. Ар бир мугалимде өзүнүн «автордук почерки, методикасы, көз карашы болушу керек;
✍️ Өз предмети боюнча проблеманы (балдардын өздөштүрүүсү, кабыл алуусундагы) көрүп, аны чечүүнүн жолун таба билүү;
✍️Аналитикалык метод менен иштей билүү;
✍️Педагогикалык тактты (этиканы) сактай билүү;
✍️Стандарттуу эмес иштей билүү (трафареттен чыга билүү, болбосо өсүү, өнүгүү болбойт);
✍️Алысты көрө билип, конкреттүү аракет кыла билүү жөндөмү зарыл;
✍️Окуучуга урмат менен талапты айкалыштыра билүү;
✍️ Бүгүнкү мугалимдин ата-эне, коомчулук менен иштей билүүсү;
✍️»Мыкты мугалим» конкурсунун критерийлерин карап чыгуу сунушу: мыкты мугалимдин өзүнүн айылы, району, облусундагы таасирин эске алуу;
✍️ Үзгүлтүксүз билим алуу аркылуу бир нече кесиптин ээси болуп, зарыл учурда алмаштыра алуусу (БЕШИКТЕН КАБЫРГА ЧЕЙИН БИЛИМ АЛУУ);
✍️Балдарды өз алдынча билим алууга, изденүүгө үйрөтүү (билимдин 70%ын окуучу өзү алыш керек, 30%ын мугалим бериши керек);
✍️ЖОЖдордо СРСти (студенттердин өздүк ишин) туура пайдалануу. Студенттер көпчүлүгү интернеттен даяр докладды көчүрүп, сыртын кооздоп тапшырышат. Аны жок кылып, өз алдынча доклад, илимий иш жазууну үйрөтүү;
✍️Классикалык педагогиканын алгылыктуу жактары менен азыркы инновациялык технологиялардын алгылыктуу жактарын айкалыштыра алуусу;
✍️Окуу, түшүнүүгө маани берүү. Маалыматтын аздыгы канчалык зыян болсо, көптүгү андан үч эсе зыян. Бул балдарда билим алууда «апатияга» алып келет;
✍️Агай өзүнүн дагы бир уникалдуу табылгасы ҮЧ КАЗАН жөнүндө кайра эске салды:
?️ Аш казан бир туурам нан менен тойсо;
?️Рух казан үчүн китеп, ыр, музыка, адабий чыгармалар, чөйрө, сүйүү, досторунун мамилеси, ыйман, дин ж.б. керек болот.
?️Баш казанды толтуруу зарыл;

Семинар улуу устаттын «Сезим — сезимден гана тарбия алат», «Ааламдашууга адамдашуу менен жооп берели», «Балдарды адамдарды сүйүүгө үйрөтөлү» деген таамай айтылган сөздөрү менен жыйынтыкталды.
Мында келгендердин баары агайдын насаат сөздөрүнө ыраазы болушту.

— Агайдын сөзүн муюп угуп отурдум. Ушундай чебер, чыгаан, мугалим болом деп мотивация алдым! Ар бир сөзү шыгыма шык, демиме дем болду! Агай менен замандаш, кесиптеш болгонума сыймыктанам! — дейт семинардын катышуучусу, кесиби боюнча педагог Маматаева Динара.

КАЛАНДАРОВА Айнура, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер