УЛУУ СҮРӨТЧҮГӨ АРНАЛДЫ

  • 17.10.2022
  • 0

Бишкек шаардык №22 китепканада кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер, СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган кызыктуу иш-чара болуп өттү.

УЛУУ СҮРӨТЧҮГӨ АРНАЛДЫ

Окурмандар чыгаан сүрөтчүнүн басып өткөн жолу, коомдук ишмердиги, чыгармачылыгы жөнүндө кенен маалымат алышты.

УЛУУ СҮРӨТЧҮГӨ АРНАЛДЫ

Бишкек шаарындагы № 77 жалпы орто билим берүү мектебинин сүрөт мугалими Акжолтоева Нургүл 7″г»- классынын окуучуларына сүрөт тартуунун боёк менен иштөө, алысты жакын, жакынды алыс кылып көрсөтүү ыкмалары менен практика жүзүндө тааныштырды.

Сүйөркан КАДЫРОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер