«УЛУУ МУРАС БАЛАНЫН ЖҮРӨГҮНДӨ»
- 28.05.2025
- 0
Бүгүн Бишкекте балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп жатат. Аны Билим берүү жана илим министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биргелешип уюштурду.
Программада кыргыз элинин улуттук бийлерин үйрөнүү, комуз жана башка аспаптарда ойноо боюнча концерттер жана мастер-класстар, этно-комикстер «Манас келечекте», улуттук оймо-чиймелерди кенепке түшүрүү, керамика өнөрү, арт-флешмоб жана башка чыгармачыл иш-чаралар бар.
Ошондой эле экология жана туризм аянтчасы да уюштурулган. Анда туристтик квесттер, суу сактоо боюнча мастер-класстар, үстөл оюндары жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу көргөзмөлөр коюлган.
Ал эми STEAM-аянтчасында робототехника, илимий шоу-программалар, 3D-моделдөө, санарип сүрөт тартуу жана логиканы өнүктүрүүчү оюндар көрсөтүлүүдө.
Улуттук спорт аянтчасында болсо, ордо, тогуз коргоол, спорттук эстафеталар жана улуттук жабдуулар боюнча мастер-класстар өтүүдө.
Мындан сырткары, балдардын укуктары боюнча оюн-квесттер, ӨКМ жана юристтерден мастер-класстар, медиативдик баарлашуу жана коопсуздук боюнча тренингдер, интеллектуалдык жана интерактивдик оюндары да каралган.
“Мен оорубайм эгерде….” саламаттык аянтчасы – Балдардын маданий-гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча интерактивдүү оюндар, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк боюнча мастер-класстар болуп жатат.
Этно-STEAM аянтчасы — мектепке чейинки курактагы балдар үчүн – Боз үйдүн макетин чогултуу боюнча мелдештер, оюндар жана акыл сыноолор.
Бул майрам балдарга өзүн көрсөтүүгө, чыгармачылыкка, билимге жана баарлашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле алар өз өлкөсүнүн чоң маданий мурасынын бөлүгү экенин сезишет.
Комментарийлер