УЛУУ МАЙРАМ — ТИЛ МАЙРАМ!

  • 23.09.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Адила Рысалиева онлайн форматында кесиптештерин, студенттерди куттуктады.

— Мындан туура 31 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келе жатат. Андыктан баарыңыздарды «Улуу майрам» менен чын дилден куттуктаймын! Ар бир улуттун өзүнүн ыйык тили бар. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Тил жоголбойт, Жоголсо, жоголот дил! Уулуң да, кызың дагы жоголот, бил! — деп Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев айткандай, тилибизди унутпайлы, кыргыз тилинде так, таза сүйлөйлү, тилибизди сүйөлү, — дейт Адила Рысалиева.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер