УЛУУ ИНСАНГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА

  • 14.10.2021
  • 0

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Топ-Терек негизги мектебинде Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата «Жусуп Абдрахманов — кыргыздын куту» аттуу кызыктуу кече болуп өттү.

УЛУУ ИНСАНГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА

Тарбиялык таасири зор бул иш-чараны мектептин 9-классы даярдап, анын жүрүшүнө 6-7-8-класстардын окуучулары активдүү катышты. Тогузунчу класстын окуучулары улуу инсан тууралуу кенен маалымат беришип, суроолорго туура жооп бергендерге дептер, калем белекке беришти. 6-класстын окуучусу Сарыбаев Эрхан Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн көркөм окуду.
Окуучулар сахналык көрүнүшкө да күбө болушту.
Иш-чаранын соңунда мекен тууралуу ырлар да ырдалды.

УЛУУ ИНСАНГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА

— «Кыргызга эки жолу кут түшкөн: биринчиси  — Жусуп Абдрахманов, экинчиси — Раззаков. Биз экөөнү тең барктай албадык» деп кыргыз жазуучусу Насирдин Байтемиров айткан экен. Жусуп атабыз чындыгында өзгөчө адам болгон. Ал мамлекетибиздин түптөлүшүнө, элди ачарчылыктан алып калууга бараандуу салым кошкон улуу инсан, дипломат, тарыхчы жана тилчи болгон. Азыркыдай тил үйрөтүү курстары жок кезде тилдик туюму, дээри аркылуу эне тилин кошкондо 11 тилди билген. Улуу инсандын бул сапаттары жаштар үчүн бүтпөс баян, өчпөс өрнөк болуп саналат» — дейт бул күнкү иш-чаранын уюштуруучусу Назира Шайлиева.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер