УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН КАТЫШУУЧУСУ  КУБАТ ЖУМАТАЕВДИН ЭРДИГИН ОКУУЧУЛАР УНУТУШПАЙТ

  • 07.05.2020

Чүй облусундагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу  Кубат Жуматаевдин ысымын алып жүргөн  мектептин окуучулары   Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлеринин өмүр баянын жана жасаган эрдигин даңазаланган видеолорду жасашууда.   

“9-май — Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын шартка байланыштуу үйдө өткөрмөкчүбүз. Үйдө болуу менен жоокерлердин эрдиктерин эскерип, окуучуларыбыз менен бирге «Өлбөс полк» аттуу флешмобго катышабыз. Алдын ала окуучулардын патриоттук сүрөт, видеолордон көрүп, аралыктан эмгегин баалап жатабыз”, — дейт мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Назира Жетимишова.

 

Бул мектептин мугалимдер жамааты окуучуларга жеткиликтүү билим берүү үчүн чыгармачылык, изденүү менен эмгектенишүүдө.

Учурда  мугалимдер онлайн сабактарды үзгүлтүксүз  өтүп жатышат. Жакшы өздөштүрө албаган мугалимдерге жаш педагогдор  интернет аркылуу жардам беришип, аралыктан окутуунун бардык ыкмаларын үйрөнүп бүтүштү. Мыкты видео сабактар Facebook, Youtube каналында өздүк баракчаларга жайгаштырылууда. Мугалимдер даталуу күндөрдө окуучуларга класстык сааттарды дагы  өтүшүүдө.

 

Бөлүшүү