УЛУТТУН ЖҮЗҮ – УЛУТТУК ГВАРДИЯ

  • 24.02.2020
  • 0

 

Бишкек шаарындагы улуттук гвардиянын командирлери ачык эшик күнүн өткөрүштү. Улуттук гвардиянын командири полковник Эрмек Мукашович Асанов гвардиянын алдына коюлган тапшырмалар, офицерлер жана жоокерлердин даярдыгы, шарттары туралуу айтып берди.

УЛУТТУН ЖҮЗҮ – УЛУТТУК ГВАРДИЯ

Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы, куралдуу күчтөрдүн ардагери Уулкан Байгубатова да сөз сүйлөп, жаштарды Мекенибиздин чек арасын, элибиздин тынчтыгын, жерибиздин бейпилдигин  коргоого даяр болууга үндөп, жакшы билим алып, кесипке ээ болууга чакырды. Жоокерлер көрсөткөн мастер класска билимканадан келген жаш өспүрүмдөр да келип кызыга карап жатышты.

УЛУТТУН ЖҮЗҮ – УЛУТТУК ГВАРДИЯ

Бүгүнкү күндө да элибиздин тынчтыгын, жерибиздин бейпилдигин, чек арабыздын бүтүндүгүн сактаган командирлерибиз, жигиттерибиз –улутубуздун сыймыгы. Мектеп партасынан баштап балдардын дене тарбиясына абдан көңүл буруп спортко машыктырып, армиянын катарына кызмат кылууга даярдыктан өткөрүп, граждандык жана өзөгөчө кырдаал учурунда Мекенди коргоого жан дили менен канын, жанын аябай турган эр азаматтарды даярдоону калыпка салуу ата-эне,  мектеп, коомубуздун эң орчундуу милдети болуп эсептелет.

Эгемберди  УСУПОВ,   “Кут Билим”          

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер